Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 13-апрели № 181-VII
"Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2021-жылдын 16-мартындагы № 96 токтом) "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |