Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-майы №269-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасын жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторлорун шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасын жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторлорун шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 8 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.
2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:
М.А.Абдалиев - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Э.Р.Джусупов - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
А.Исатбек кызы - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
Ф.А.Алимжанов - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
Г.А.Кожокулова - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
З.Д.Мамасадыков - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
М.Самыйкожо - "Элдик" депутаттык тобунан;
Ш.К.Атазов - № 29 Свердлов бир мандаттуу округу боюнча.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Т.Мамытов |