(КР
2008-жылдын 31-декабрындагы №282 токтомунун редакциясына ылайык кучун жоготту) Бишкек шаары1991-жылдын 16-декабры № 656-XII КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЗАКОНУ Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1991-жылдын 16-декабрындагы № 657-XII токтому менен күчүнө кирген) (Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 19-ноябрындагы № 79,
2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) I глава. Жалпы жоболор II глава. Диний уюмдарды түзүү III глава. Дин уюмдарынын мүлктүк абалы IV глава. Граждандардын жана дин уюмдарынын дин тутуу эркиндиги менен байланышкан укуктары V глава. Дин уюмдарында жана алардын ишканаларында эмгектенүү VI глава. Мамлекет жана дин уюмдары Бул Закон эл аралык келишимдерде жана пактыларда, ошондой эле Адамукуктарынын жана эркиндиктеринин декларациясында камтылган диний жеатеисттик көз карашка ээ болуу жана ага ылайык иш-аракеттерди жасоо ко-омдук коопсуздукту, тартипти, турмушту, саламаттыкты, адеп-ахлакты,ошондой эле башка граждандардын укуктары менен эркиндиктерин коргооүчүн зарыл болгондордон башка чектөөлөргө дуушар болууга тийиш эместигижөнүндөгү жоболордон келип чыгат. I глава Жалпы жоболор 1-статья. Закондун милдеттери Бул Закон Кыргыз Республикасынын граждандарынын динге карата мами-лесинин аныкталышына же билдирилишине, ага ылайык ишенимине, эч тоско-олсуз дин тутууга жана диний ырым-жырымдарды аткарууга карата укукта-рын, ошондой эле адилеттүүлүктү жана тењчиликти, граждандардын укуктарыменен таламдарынын динге болгон мамилесине карабастан корголушун гаран-тиялайт, ошондой эле диний уюмдардык ишмердигине байланыштуу мамилелер-ди жөнгө салат. 2-статья. Кыргыз Республикасынын дин тутуу эркиндиги жөнүндөгү закондору Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндөгү закондору КыргызРеспубликасынын Конституциясына ылайык дин тутуу эркиндигинин негизгигарантияларын белгилеген ушул Закондон жана Кыргыз Республикасынын агаылайык чыгарылган закондорунан турат. 3-статья. Дин тутуу эркиндигине карата укук Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен гарантияланган ар бирграждандын дин тутууга карата эркиндиги динге карата мамилесин эркинчежана өз алдынча аныктап алуу, жалгыз өзү же башкалар менен бирге каала-ган динин тутуу же эч кандай динди тутпоо, диндик көз караштарын өзгөр-түү, ошондой эле диндик же атеисттик көз карашты билдирүү жана таркатууэркиндигин камтыйт. Ата-энелери же аларды алмаштырган адамдар өз ара макулдашуу боюнчаөз балдарын динге карата өздөрүнүн мамилелерине ылайык тарбиялоогоукуктуу. Гражданинге динге карата өз мамилесин аныктоодо аны дин тутууга жеандан баш тартууга, кудайга сыйынууга, диндик ырым-жырымдарга жана ыра-сымдарга, динди үйрөнүүгө катышууга же катышпоого мажбурлоого жол бе-рилбейт. 4-статья. Динге карата мамилесине карабастан граждандардын тењ укуктуулугу Кыргыз Республикасынын граждандары динге болгон мамилесине кара-бастан граждандык, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий турмуш-тун бардык жактарында закон алдында бирдей. Официалдуу документтердегражданин өзү каалагандан башка учурларда анын динге болгон мамилесинкөрсөтүүгө уруксат берилбейт. Граждандардын динге болгон мамилесине жараша алардын укуктарынатүздөн-түз же кыйыр түрүндө чек коюу жана кандайдыр бир артыкчылыктардыберүү, ошондой эле ага байланыштуу кастыкты жана жек көрүүчүлүктү ту-тандыруу же граждандардын сезимдерин, тигил же бул динге сыйынган объ-ектилерди мазактоо закондо белгиленген тартипте жоопкерчиликке тарты-лат. Эч ким өзүнүн диндик ынанымдарына шылтоолор менен закондо белги-ленген милдеттенмелерди аткаруудан баш тарта албайт. Ынанымдарына шыл-тоо кылуу менен бир милдеттенмени аткарууну экинчиси менен алмаштыруугаКыргыз Республикасынын законунда каралган учурларда гана жол берилет. 5-статья. Диний уюмдарын мамлекеттен бөлүү Мамлекет эгерде диний уюмдар законго карама-каршы келбесе анын иш-мердигине кийлигишпейт, долбоор боюнча бир диндин же динге ишенүүнүнэкинчилерине карата кандайдыр бир артыкчылыктарын белгилөөгө же чек ко-юуга жол бербейт; диний уюмдардын ишмердигин жана атеизмди пропаганда-лоо боюнча иштерди финансылабайт. Мамлекет дин туткан же дин тутпаган граждандардын ортосунда, арбашка дин туткан диний уюмдарынын ортосунда, ошондой эле алардын жолунжолдоочуларынын ортосунда өз ара сабырдуулук жана урматтоо мамилелеринорнотууга көмөк көрсөтөт. Дин уюмдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык саясийтурмушка катышууга укуктуу. Кыргыз Республикасында диний партияларды,алардын филиалдарын, бөлүмдөрүн жана бөлүмчөлөрүн түзүүгө жана алардыништешине жол берилбейт. Дин уюмдары коомдук турмушка катышууга, ошондой эле коомдук бирик-мелер менен катар эле Кыргыз Республикасынын коомдук бирикмелержөнүндөгү законуна ылайык массалык маалымат каражаттарын пайдалануугаукуктуу. 6-статья. Мектепти дин уюмдарынан бөлүү Кыргыз Республикасында мамлекеттик билим берүү системасы динийуюмдардан бөлүнгөн. Граждандардын алардын динге болгон мамилелерине ка-рабастан билим берүүнүн ар кандай түрлөрүнө жана дењгээлдерине ээ бо-лууга жол ачык. Граждандар дин окуусун үйрөнүп жана өзү тандап алган тилде жекечеже башкалар менен бирге диний билим ала алат. Белгиленген тартипте катталган уставы (жобосу) бар дин уюмдарыөздөрү белгилеген шарттарга ылайык балдарга жана чоњ кишилерге динийбилим берүү үчүн окуу жайларын жана топторду түзүүгө, ошондой эле агатаандык жана ага берилген имараттарды пайдалануу менен башка формалардаокууларды өткөрүүгө укуктуу. Балдарды динге уюшкандыкта окутуу ата-энелеринин жана аларды ал-маштырган адамдардын макулдугу менен гана жүргүзүлөт. Динге окуткан адамдардын атайын диний билими болууга тийиш жанаалар өз ишин дин башкармасынын, борборунун уруксаты менен гана жүргүзөалат. Жаш муундарды ыймандуулукка тарбиялоо зарылдыгын эсепке алып,мектептерде ыйман, адеп-ахлак сабагын мүмкүнчүлүккө жараша киргизе бе-рүүгө жол берилет. Окутуучулар жергиликтүү элге билим берүү органдарытарабынан тандалат II глава Диний уюмдарды түзүү 7-статья. Диний уюмдардын түрлөрү Кыргыз Республикасында ислам, христиан жана башка диний коомдор,башкармалар жана борборлор, диний окуу жайлары дин уюмдары болуп сана-лат. Дин уюмдары өздөрүнүн бирикмелерин түзүүгө акылуу. Дин бирикмелериөздөрүнүн борборлорунан (башкармаларынан) турат. Кыргыз Республикасында дин уюмдары граждандардын дин тутуу жанааны жайылтуу боюнча муктаждыктарын канааттандыруу максатында түзүлөтжана өзүнүн структурасына ылайык аракеттенет, өзүнүн уставына (жоболо-руна) ылайык өз кызматчыларын шайлайт, дайындайт жана алмаштырат. Дин башкармалары жана борборлору өздөрүнүн катталган уставдарына(жоболоруна) ылайык өздөрүнө керектүү дин адистиги бар, кызматчылардыдаярдоо үчүн дин окуу жайларын түзүүгө акылуу. Жогорку жана орто динокуу жайларында күндүз окуп жатышкан граждандар мамлекеттик окуу жайла-рынын окуучулары үчүн белгиленген тартипте аскердик кызмат өтөөдөн ки-йинкиге калтыруу, салык салуу, окуган мезгилди эмгек стажысына кошуубоюнча укуктардан жана жењилдиктерден пайдаланат. 8-статья. Дин уюмдарынын уставдары Дин уюмдарынын уставдары (жоболору) же ишмердиктин динге үйрөнүүжагын аныктаган, дин уюмдарынын ички маселелерин чечкен башка документ-тер мамлекеттик органдарда катталууга тийиш эмес. Мамлекет дин уюмдарытийиштүү мамлекеттик органдарга сунуш кылынып жана колдонулуп жүргөнзаконго карама-каршы келбесе аларды эске алат жана анын ички түзүлүштө-рүн урматтайт. Дин уюмдары юридикалык жак катары укук алуу үчүн, аны уюштурган 18жашка толгон ондон кем эмес сандагы граждандар уставы (жобосу) тиркел-ген арыз уюмдун иштөөсү болжолдонгон жердеги юстиция органдарына катта-луу үчүн кайрылууга тийиш. Эгерде ошол уюм республикалык бир диний ме-кемеге караштуу болсо уставында көрсөтүлөт жана ошол мекеменин кароосу-нан өткөрүлгөн соњ, каттоого берилет. Юстиция органдары арызды бир ай-лык мөөнөттө карап чыгып, тийиштүү чечим кабыл алат. Устав төмөнкү маа-лыматтарды камтууга тийиш: дин уюмдарынын аталышы, түрү, жайгашкан орду же району, анын тут-кан дини жөнүндө; аны түзүүнүн тартиби, структурасы жана аны башкаруу жөнүндө; анын мүлктүк абалы, каражаттарды түзүүнүн булактары жана уюмдунөзүндөгү жана өз ара аракеттенген уюмдар менен мүлктүк ички мамилелержөнүндө; ишканаларды жана массалык маалымат каражаттарын уюштуруу, окуужайларын түзүү боюнча укуктары жөнүндө; ал уюмду жана ал түзгөн органдарды жоюунун тартиби жөнүндө; ал уюмдун ишмердигинин өзгөчөлүктөрү менен байланышкан башка жобо-лор. Дин уюмдары юридикалык жак катары граждандык законго жана өзүнүнуставына (жобосуна) ылайык укуктардан пайдаланат жана милдеттүү болот. 9-статья. Дин уюмун юридикалык жак катары каттоодон баш тартуу Дин уюмун юридикалык жак катары каттоодон, устав (жоболор) ушулМыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайыккелбеген учурда гана баш тартылышы мүмкүн. Дин коомдорун жана дин уюмдарын каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимарыз ээсине баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен кат жүзүндө жибери-лет. Каттоодон баш тартуу же чечим кабыл алуу ал үчүн ушул Закон мененбелгиленген мөөнөттөн ашып кетсе, ал мамлекеттик башкаруу органдарынынжана кызмат адамдарынын граждандык укуктарын кысымга алган укукка каршыаракеттерине даттануу үчүн белгиленген тартипте сотко даттанылышы мүм-күн. (КР 1997-жылдын 19-ноябрындагы N 79 Мыйзамынын редакциясына ылай-ык) 10-статья. Дин уюмдарынын ишмердигин токтотуу Дин уюмдарынын ишмердиги алардын өз уставдарына ылайык алар жоюл-ган учурда же ушул Закондун жоболорун, ошондой эле Кыргыз Республикасы-нын башка закон актыларын бузган учурда токтотулушу мүмкүн. Юридикалык жак катары дин уюмунун иши жоюу же кайра уюштуруу жолуменен токтотулушу мүмкүн. Дин уюму төмөндөгүдөй учурларда: - анын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун же устав (жобо) тарабынан агаыйгарым укук берилген дин уюмунун органынын чечими боюнча; - аны түзүүдө четтетүүгө мүмкүн болбогон мүнөздөгү мыйзам бузуу-ларга жол берилгендиги үчүн дин уюмун каттоону сот жараксыз деп тапкан-дыгына байланыштуу; - мыйзам тыюу салган иш же мыйзамдарды көп ирет же одоно бузууларменен жүргүзүлгөн иш жүзөгө ашырылган учурда, же болбосо уставдык мак-саттарга карама-каршы келген иш үзгүлтүксүз жүзөгө ашырылса, ошондойэле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда сот-тун чечими боюнча жоюлушу мүмкүн. (КР 1997-жылдын 19-ноябрындагы N 79 Мыйзамынын редакциясына ылай-ык) III Глава Дин уюмдарынын мүлктүк абалы 11-статья. Дин уюмдарынын менчиги Дин уюмдарынын менчигине зыярат имараттары курулуштары, буюмдары,өндүрүштүк, социалдык жана кайрымдуулук багытындагы объектилер, алардынишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон акча каражаттары жана башка мүлктөркирет. Дин уюмдары граждандар, уюмдар садага кылган (мураска калтырган)же мамлекет берген каражаттардын эсебинен сатып алынган же түзгөн,ошондой эле закондо каралган башка негиздерде сатып алынган мүлккө ээ-лик кылууга укуктуу. Чет өлкөлөрдө турган мүлктөр да дин уюмдарынын менчиги боло алат. Дин уюмдары ыктыярдуу түрдө берилген финансылык жана башка ка-йыр-садакаларга кайрылууга жана аларды алууга укуктуу. (КР
2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясынаылайык) 12-статья. Мамлекеттин, коомдук уюмдардын же граждандардын менчиги болуп саналган мүлктөрдү пайдалануу Дин уюмдары өз муктаждыктары үчүн аларга келишимдик башталыштардамамлекет, коомдук уюмдар же граждандар берген имараттарды жана мүлктөр-дү пайдаланууга укуктуу. Эл депутаттарынын жергиликтүү Советтери жана мамлекеттик органдармамлекеттин менчигинде турган зыярат жайларды жана башка мүлктөрдү динуюмдарынын менчигине же акысыз пайдаланууга өткөрүп бериши мүмкүн. Дин уюмдары пайдаланууга жарактуу зыярат жайларды ага жамаатташжаткан аймак менен бирге өткөрүп берүүдө артыкчылык укугуна ээ. Дин уюмдарына зыярат жайларды жана мүлктөрдү өткөрүп берүүжөнүндөгү маселе боюнча чечим ал жөнүндө арыз ээсине кат жүзүндө бил-дирүү менен тийиштүү өтүнүч кабыл алынган учурлардан баштап кеминде бирайлык мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынууга тийиш. Дин уюмдарына тарых жана маданият эстеликтери болуп саналган объ-ектилерди жана буюмдарды өткөрүп берүү же пайдаланууга берүү КыргызРеспубликасынын Законуна ылайык ишке ашырылат. Дин уюмдары Кыргыз Республикасынын законунда белгиленген тартиптежерге ээлик кылат жана пайдаланат. Зыярат жайларын куруу эл депутатта-рынын жергиликтүү Советтеринин уруксаты менен ишке ашырылат. 13-статья. Дин уюмдарынын өндүрүштүк жана чарбалык ишмердиги Дин уюмдары Кыргыз Республикасынын закондоруна жана өз уставдарына(жоболоруна) ылайык басма сөз, өндүрүштүк, реставрациялык-курулуш, айылчарба жана башка ишканаларды, ошондой эле юридикалык жактын укуктарынаээ болгон кайрымдуулук жайларын (баш калкалоочу жайларды, жатактарды,ооруканаларды жана башкаларды) уюштурууга акылуу. Дин уюмдарынан ишканаларынын өндүрүштүк ишинен түшкөн пайдага жанабашка кирешелерге Кыргыз Республикасынын Законуна ылайык салык салынат. (КР
2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясынаылайык) 14-статья. Өз ишмердигин токтоткон дин уюмдарынын мүлктөрүн тескөө Дин уюмдары ишмердигин токтоткондон кийин аларга мамлекет, коомдукуюмдар же граждандар тарабынан берилген мүлктөр анын мурдагы ээсинекайтарып берилет. Дин уюмдары ишмердигин токтоткондо анын менчигинде турганмүлктөрдү тескөө анын уставына (жобосуна) жана колдонулуп жүргөн закон-го ылайык ишке ашырылат. Дин уюмдарына таандык зыярат кылуу багытындагы мүлктөргө кредитор-лордун доосу кабыл алынбайт. Мурастоого укуктуулар жок болгон учурда ал мүлк мамлекеттин менчи-гине өтөт. IV Глава Граждандардын жана дин уюмдарынын дин тутуу эркиндиги менен байланышкан укуктары 15-статья. Дин ырым-жырымдары жана ырасымдар Граждандар жана дин уюмдары кудайга сыйынуу же диний чогулуштардыөткөрүүчү эркин кирүүгө боло турган жерлерди, ошондой эле тигил же булдинге ыйык жерлерди (сыйынуучу жерлерди) негиздөөгө жана күтүүгө укук-туу. Кудайга сыйынуу, диний ырым-жырымдар жана ырасымдар табынуучулукимараттарда жана аларга таандык аймактарда, зыярат кылуучу жерлерде,дин уюмдарынын мекемелеринде, көрүстөндөрдө, граждандардын үйлөрүндөжана квартираларында эч тоскоолдуксуз жүргүзүлөт. Аскердик бөлүктөрдүн командованиеси аскер кызматчыларына бош убак-тыларында кудайга сыйынууга жана диний ырасымдарды жасоого тоскоолдуккылбайт. Дин уюмдары ооруканаларда, госпиталдарда, кары-картањдар жана май-ыптар үйлөрүндө, эркинен ажыратылган адамдар турган жерлердеги граждан-дарга кудайга сыйынуу жөнүндө сунуш менен кайрылууга акылуу. Ооруканаларда, госпиталдарда, кары-картањдар жана майыптар үйлө-рүндө, алдын ала камакта турган жана жазасын өтөп жаткан жерлердегиграждандардын өтүнүчтөрү боюнча ал жерлерде кудайга сыйынуу жана динийырым-жырымдарды өткөрүшөт. Ал мекемелердин администрациясы дин кызмат-чысын чакыртууга көмөк көрсөтүп, кудайга сыйынуунун, ырым-жырымдарды жеырасымдарды өткөрүүнүн убактысын жана башка шарттарды аныктоого каты-шат. Башка учурларда эл алдында кудайга сыйынуу, диний ырым-жырымдаржана ырасымдар Кыргыз Республикасында чогулуштарды, митингдерди, демон-страцияларды жана жүрүштөрдү өткөрүү үчүн белгиленген тартипте ишкеашырылат. Мусулманчылыктын жана мусулман элдеринин байыртан элдик салты бо-луп калган уул балдарды жашынан сүннөткө отургузуу расмине, ошондой элеүйлөнүү учурундагы граждандык каттоо менен катар мусулмандарга мечитте,үй-бүлөдө мусулман салты боюнча нике кыюуга, ошондой эле христиандаргачокундуруу, чиркөөгө барып баш кошуу салтанатын өткөрүүгө жол берилет.Орозо айт, Курман айт, Рождество күндөрү дем алыш жана майрам күндөрүдеп жарыялансын. 16-статья. Дин адабияттары жана дин багытындагы буюмдар Граждандар жана дин уюмдары өзү тандап алган тилде дин адабиятта-рын, ошондой эле дин багытындагы башка буюмдарды жана башка материал-дарды сатып алууга жана пайдаланууга акылуу. Дин уюмдары дин багытындагы буюмдарды, диний адабияттарды жана ди-ний мазмундагы маалыматтык материалдарды Кыргыз Республикасынын колдо-нулуп жүргөн законуна ылайык чыгарууга, экспорттоого, импорттоого жанатаркатууга акылуу. Диний борборлор жана башкармалар Кыргыз Республикасынын законунаылайык кудайга сыйынуу адабияттарын басып чыгаруу жана таркатуу укугунаээ. Диний башкармалар жана борборлор диний ырым-жырым буюмдарын чыга-рууда өзгөчө укукка ээ. 17-статья. Дин уюмдарынын кайрымдуулук жана маданий-агартуу иштери Дин уюмдарынын алдында диний адабияттарды үйрөнүү жана жайылтуу,кайрымдуулук жана башка маданий-агартуу иштерин жүргүзүү үчүн граждан-дардын коомдору, ассоциациялары жана башка бирикмелери түзүлүшү мүмкүн.Алардын Кыргыз Республикасынын коомдук уюмдары үчүн белгиленген тартип-те катталган өз уставдары болот. Дин уюмдары өз алдынча, ошондой эле коомдук фондулар аркылуу кай-рымдуулук жана соопчулук иштерин жүргүзүүгө акылуу. (КР
2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясынаылайык) 18-статья. Граждандардын жана дин уюмдарынын эл аралык байланыштары жана карым-катнаштары Граждандар жана дин уюмдары ажыга баруу, чогулуштарга жана башкадиний иш-чараларга катышуу үчүн чет өлкөлөргө барууну кошуп алгандатоп-тобу менен же жекече эл аралык байланыштарды жана жеке тике ка-рым-катнаштарды түзүүгө жана сактап турууга акылуу. Дин уюмдары дин окуу жайларында диний билим алуу үчүн Кыргыз Рес-публикасынын граждандарын чет өлкөгө жиберип жана ушундай эле максаттачет өлкөлүк граждандарды кабыл ала алат. V Глава Дин уюмдарында жана алардын ишканаларында эмгектенүү 19-статья. Дин уюмдарында эмгектик укук мамилелери Дин уюмдары граждандарды жумушка кабыл алууга акылуу. Эмгек шарты дин уюму менен кызматкердин ортосундагы макулдашуу бо-юнча белгиленет жана кат жүзүндө түзүлө турган эмгектик келишимдекөрсөтүлөт. Дин уюмдары эмгек келишимин белгиленген тартипте каттоого мил-деттүү. Дин кызматчыларынын эмгек акы шартын аныктаган документтер да ушулэле тартипте катталат. Дин уюмдарында эмгектик келишим менен иштеген граждандар профсоюз-дун мүчөсү боло алышат. 20-статья. Дин уюмдарында иштеген граждандардын эмгектик укуктары Дин уюмдарында, ошондой эле алар түзгөн ишканаларда жана мекеме-лерде жана кайрымдуулук жайларында эмгектик келишим менен иштеп жатканграждандарга мамлекеттик жана коомдук ишканалардын, мекемелердин жанауюмдардын жумушчулары менен кызматчыларына эмгек, социалдык камсыздан-дыруу жана социалдык жактан камсыз кылуу жөнүндөгү закон жайылтылат. Дин кызматчыларын кошуп алганда, дин уюмдарында иштеген граждан-дардын кирешесине салык салуу мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин,уюмдардын жумушчулары жана кызматчылары үчүн белгиленген ставкалары бо-юнча ишке ашырылат. (КР
2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясынаылайык) VI Глава Мамлекет жана дин уюмдары 21-статья. Мамлекет менен дин уюмдарынын ортосундагы өз ара мамилелер Кыргыз Республикасынын Президенти уюштурган мамлекеттик структура-лар, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өзүн-өзү башкарууоргандары дин уюмдарынын өтүнүчтөрү боюнча аларга уюштуруучулук, юриди-калык, социалдык, чарбалык жана башка маселелерди чечүүдө зарыл жардамкөрсөтөт. 22-статья. Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндөгү законду бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндөгү законду бузуугакүнөөлүү кызмат адамдары жана граждандар Кыргыз Республикасынын зако-нунда белгиленгендей жоопкерчилик тартышат. 23-статья. Эл аралык келишимдер Эгерде Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишим менен КыргызРеспубликасынын дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндөгү закондокамтылгандан башка эрежелер белгиленген болсо анда эл аралык келишим-дердин эрежелери колдонулат. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев