Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН
2022-жылдын 27-апрели
Ахмат Киргизбаевич Алагушевдин жана Нурбек Кудайбердиевич Сыдыковдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 6-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, төрагалык кылуучу -Э.Ж. Осконбаевдин, судьялар М.Р. Бобукееванын, Л.П. Жумабаевдин, М.Ш. Касымалиевдин, К.Дж. Кыдырбаевдин, Ж.А. Шаршеналиевдин курамында, катчы К. Аблакимовдун,
кайрылуучу тарап - Ахмат Киргизбаевич Алагушевдин жана Нурбек Кудайбердиевич Сыдыковдун;
жоопкер тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Мирлан Абылбекович Букашевдин, Руслан Марипович Ташиевдин;
үчүнчү жактар - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Айсалкын Шеркуловна Шеркулованын, Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын ишеним кат боюнча өкүлү Медина Мирлановна Кутбердиеванын катышуусу менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 17, 40 жана 45-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 6-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
Ахмат Киргизбаевич Алагушевдин жана Нурбек Кудайбердиевич Сыдыковдун өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.
Ишти кароого негиз болуп «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 6-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндө маселеде пайда болгон күмөндүүлүк саналат.
Ишти соттук отурумга даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы М.Ш. Касымалиевдин маалыматын угуп, келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 2021-жылдын 27-июлунда А.К. Алагушевдин жана Н.К. Сыдыковдун «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 6-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10-беренесинин 2-бөлүгүнө, 23-беренесинин 2, 4, 5-бөлүктөрүнө, 32-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, 33-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Арыз ээлери, талашылып жаткан ченемде колдонулган туюндурмалар кандай болбосун терс сөзгө, анын ичинде талапкер тандаган программа туурасында конструктивдүү сынга, курч суроолорго жана пикирге, башка талапкердин программасын тандап алган учурда мүмкүн болуучу кесепеттерге талдоону, талапкерлер, коомдук кызыкчылыкты туудурган саясий партиялар тууралуу нагыз жагдайларды, маалыматтарды жайылтууга тыюу салууну орнотот деп эсептейт. Демек, талашылып жаткан ченем менен орнотулган тыюу салуу Конституциянын 23-беренесинин 2, 4 жана 5-бөлүктөрү менен аныкталган максаттарга ылайык келбейт жана ачыктык менен аныктыктын талаптарына жооп бербейт.
Алардын пикири боюнча Баш Мыйзамдын 32-беренесинин 1-3-бөлүктөрүнө ылайык ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө жана пикирге ээ болууга, өз пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу. Эч ким өз пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурланышы мүмкүн эмес.
Сөз эркиндиги, маалымат алуу укугу ар бир адамга, анын ичинде саясий кызматка белсенген талапкерлерге да таандык. Кайрылуунун субъекттери жарандар, эреже катары, телеталкуунун жүрүшүндө мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча талапкерлердин өз ара сын-пикирлерин жана мүмкүн болгон терс мүнөздөгү ачыктаган фактыларды уга алышы керек деп эсептешет.
Арыз ээлери белгилегендей, талашылып жаткан ченем Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 19-беренесинин 3-пунктуна да карама-каршы келет, ага ылайык сез эркиндигин чектөө, анын ичинде маалыматка жетүү укугу мыйзам тарабынан гана белгилениши мүмкүн жана башка адамдардын укуктарын жана аброюн сыйлоо үчүн, ошондой эле улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден соолугун же адеп-ахлагын коргоо үчүн зарыл.
Кайрылуунун авторлору жогоруда аталган Пакттын 25-беренесине ылайык мамлекет жарандарга мамлекеттик кызматка, мамлекеттик иштерге катышууга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу менен, анын ичинде шайлоо процессинде да дискриминацияны болтурбоо максатында гана чектөөлөрдү белгилей алат деп эсептешет.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, А.К. Алагушев жана Н.К. Сыдыков талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранышат.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2021-жылдын 17-декабрындагы аныктамасы менен бул өтүнүч талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 2, 4 жана 5-бөлүктөрүнө, 32-беренесинин 1-3-бөлүктөрүнө, 33-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү бөлүгүндө гана өндүрүшкө кабыл алынган.
А.К. Алагушев жана Н.К. Сыдыков сот отурумунда талаптарын колдоп, аларды канааттандырууну суранышты.
Жоопкер тараптын өкүлү М.А. Букашев арыз ээлеринин жүйөөлөрү менен макул болбостон, талашылып жаткан ченемдик жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт.
М.А. Букашев Конституциянын 29-беренесине ылайык адамдын ар-намысы жана кадыр-баркы эч кандай түрдө бузулушу же чектелиши мүмкүн эмес, антпесе ар кимге жашыруун маалыматтарды жана адамдын жеке турмушу жөнүндө маалыматтарды мыйзамсыз чогултуудан, сактоодон, таратуудан коргоо, анын ичинде соттук коргоо аркылуу кепилденет, ошондой эле укукка каршы аракеттер менен келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу укугу кепилденет.
Жоопкер тараптын өкүлү талапкерге, саясий партияга каршы алардын атаандаштарынын үгүт иштерин жүргүзүүсү каршылаш тараптарынын электоратынын ортосунда чыр-чатакка алып келип, натыйжада кырдаалды туруксуздаштырып же шайлоо процессин үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн деп эсептейт.
Ошондуктан, ал, талашылып жаткан ченем укуктук маданиятты калыптандырууга жана өнтүрүүгө, башка талапкерлердин, саясий партиялардын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого өбөлгө түзөт деп эсептейт.
Жоопкер тараптын өкүлү адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер (Адам укуктарынын жалпы декларациясы, Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт) сөз эркиндигин белгилөө менен бирге, ошол эле учурда анын башка адамдардын укуктарын жана аброюн сыйлоо жана мамлекеттик коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын коргоо зарылчылыгынан келип чыккан чектөөгө жол берет деп эсептейт.
Жоопкер тараптын экинчи өкүлү Р.М. Ташиев М.А. Букашевдин жүйөөлөрүн колдоду.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү А.Ш. Шеркулова «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-беренеси менен шайлоо процессинин катышуучуларына шайлоо алдындагы үгүт иштерин эркин жүргүзүүгө, ошондой эле аны жүргүзүүнүн предметине жана ыкмасына кепилдик берилерин белгилейт. Талашылып жаткан ченем менен талапкерлерге, саясий партияларга саясий партиянын кайсыл бир талапкери шайланган учурда мүмкүн болуучу терс кесепеттерди баяндоо менен ага каршы добуш берүүгө чакырыктарды таратууга тыюу салууну орнотуу жогоруда көрсөтүлгөн берененин жоболоруна карама-каршы келет.
Бул жобо Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 1-августундагы Мыйзамы менен ратификацияланган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттерде Демократиялык шайлоолордун стандарттары, шайлоо укуктары жана эркиндиктери жөнүндө конвенцияларда аныкталган демократиялык шайлоонун стандарттарына жооп бербейт.
Ушуга байланыштуу Юстиция министрлиги киргизилген чектөөлөр жогоруда аталган Конвенцияда белгиленген эл аралык стандарттардын алкагынан чыкпагандай кылып конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 6-бөлүгүнүн жоболорун кайра карап чыгуу зарыл деп эсептейт.
Ошол эле учурда, ал шайлоо алдындагы үгүт эркиндигине мыйзамдар кепилдигин сөз эркиндигине, сөз жана басма сөз эркиндигине болгон конституциялык укуктар менен теңештирүү мүмкүн эмес деп эсептейт.
Себеби, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин маңызы шайлоочуларды конкреттүү талапкерлерди же саясий партияларды колдоп же ага каршы добуш берүүгө үндөөдө турат. Ал эми сөз эркиндигинин кепилдиги адамдын эркин жана өз алдынча ой жүгүртүү мүмкүнчүлүгүн чектөөдөн коргоодо, ал эми сөз эркиндиги адамдын өз оюн жана ишенимин жалпыга ачык билдирүү, ачык айтуу, эркин билдирүү, ар кандай жол менен таратуу жөндөмүнөн көрүнүп турат.
Баяндалгандын негизинде А.Ш. Шеркулов талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт иштеринде шайлоочулардын талапкерге, саясий партияга карата терс мамилесин түзүүгө көмөктөшүүчү маалыматтарды жайылтууга тыюу салуу түрүндөгү чектөөлөрдү жарым-жартылай белгилөөнү мүмкүн деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өкүлү М.М. Кутбердиева Конституциянын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүнүн тартиби «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзам менен аныктала тургандыгын белгилейт. Көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык жарандар шайлоо жана шайлануу укуктарын, аталган конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптарды сактоо менен ишке ашырышат.
Алсак, көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинде шайлоону маалыматтык камсыздоого шайлоочуларды маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин камтый тургандыгы белгиленген, башкача айтканда, бул түшүнүктөр так ажыратылган, ал эми кайрылуучу тарап өз сөзүндө муну жасабайт.
М.М. Кутбердиева толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу, ошондой эле салык жана милдеттүү төлөмдөр боюнча жеңилдиктерге ээ болгон жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары - ЖМК) талапкерлерге, саясий партияларга алдын ала шайлоо үгүт иштерин жүргүзүүгө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө милдеттүү экендигин белгилейт. Дал ушул жагдай «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамга талашылып жаткан ченемди киргизүүгө түрткү болгон. Айрым үгүт материалдарын, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чыгаруу үчүн бардык талапкерлердин, саясий партиялардын финансылык ресурстары жетишсиз болгон шарттарда аларга акысыз обо убактысын берүү шайлоочулардын маалымат алуу тартибинде талапкерлердин жана саясий партиялардын программасы менен таанышуу мүмкүндүгүн болжойт.
М.М. Кутбердиева Конституциянын талашылып жаткан ченеминин карама-каршылыгы жөнүндө арыз ээлеринин жүйөлөрү жараксыз, анткени ЖМК редакцияларынан кызмат адамдарынын, мамлекеттик органдардын, уюмдардын, мекемелердин жана коомдук бирикмелердин билдирүүлөрдү жана материалдарды, ошондой эле билдирүүлөрдү жана материалдарды таратууга тыюу салуу катары, алардын айрым бөлүктөрүн алдын ала макулдашууну талап кылуусун цензура деп болжошууда. Башкача айтканда, бул талап ЖМКга тиешелүү, анткени ЖМК шайлоо алдындагы үгүттүн субъекти болуп саналбагандыктан, алар маалыматтын субъекти катары иш алып барышат жана акысыз обо убакыт коомчулукка кеңири маалымат берүү үчүн каралган.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тараптардын жүйөлөрүн, үчүнчү жактардын көз караштарын талкуулап, иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.
1. Конституциялык сот «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык кайрылууда көрсөтүлгөн маселе боюнча ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөндүүлүктү туудурган бөлүгүнө карата гана актыларды чыгарат.
Ошентип, бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун кароо предмети болуп «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 6-бөлүгүнүн төмөнкү мазмуну саналат:
«28-берене. Шайлоо алдындагы угут иштерин жүргүзүү укугунан кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестиги
6. Талапкер, саясий партия үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн берилген телеберүүнү ишке ашыруучу уюмдардын каналдарында үгүт жүргүзүү үчүн акысыз берилген эфир убактысын, басылма продукцияны, аянтчаны төмөнкү максаттарга колдонууга укугу жок:
1) талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга каршы добуш берүүгө чакырыктарды таратууга;
2) тигил же бул талапкер шайланган учурда мүмкүн болуучу терс натыйжаларды сыпаттоого;
3) кайсы бир талапкер (кайсы бир талапкерлер), катталган талапкерди көрсөткөн саясий партия тууралуу маалыматтар көз көрүнөө басымдуулук кылган, терс пикирлер менен коштолгон маалыматтарды таратууга;
4) талапкерге, катталган талапкерди көрсөткөн саясий партияга карата шайлоочуларда терс мамилени жаратууга көмөктөшүүчү маалыматтарды таратууга.".
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзам мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынып, "Эркин-Тоо" гезитинин 2011-жылдын 5-июлундагы № 54 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасында Конституцияга ылайык демократиялык жана укуктук мамлекеттегидей эле эл өз бийлигин түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу жүзөгө ашырат; жарандар мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга укуктуу (2-берененин 3-бөлүгү, 37-берененин 1-бөлүгү).
Конституциянын 2-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык шайлоолор жана референдумдар эркин, жалпыга бирдей, тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт.
Конституциянын жогоруда белгиленген жоболору Баш Мыйзамдын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык анын укуктук тутумунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдери менен үндөшөт. Ошентип, Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт ар бир жарандын мамлекеттик иштерди жүргүзүүгө эч кандай дискриминациясыз жана негизсиз чектөөлөрсүз түздөн-түз же эркин тандалган өкүлдөрү аркылуу катышууга, жашыруун добуш берүү менен жалпы жана бирдей шайлоо укугунун негизинде жана шайлоочулардын эркин билдирүүсүн камсыз кылуучу чыныгы мезгилдүү шайлоолордо шайлоого жана шайланууга укугун камсыздайт (25-берененин «а», «б» пункттары).
3. Демократияны ишке ашыруунун тике формасы катары шайлоонун маңызын түшүнүүнүн негизги фактору болуп, анын эркиндиги саналат, ал башка нерселер менен катар эч кандай мажбурлоо жана басым көрсөтүлбөстөн шайлоочулар тарабынан артыкчылыктарды калыптандырууда жана билдирүүдө көрүнөт.
Эркин шайлоону талаптагыдай камсыз кылуу зарылчылыгына таянып, Конституциянын 2-беренесинин 6-бөлүгү шайлоочулардын тандоо эркиндигине финансылык, административдик жана мыйзамда тыюу салынган башка ресурстарды колдонуу менен таасир этүүгө тыюу салат. Бул конституциялык талапты өнүктүрүп, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзам административдик ресурсту жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү укугун кыянаттык менен пайдаланууга жол бербейт (211, 28-беренелер).
Ошону менен бирге, мамлекеттик бийликти мыйзамдаштыруунун бир жолу катары эркин шайлоонун конституциялык мааниси, ал добуш берүү учурунда элдин эркине айланган шайлоочулардын шайлоо жүрүм-турумуна реалдуу таасир тийгизе турган маалыматтарды таратуу үчүн бирдей шарттардын болушу менен аныкталат.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укугу мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жана шайлануу укугун гана эмес, шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу укугун да камтыйт.
Шайлоо процессинин өзтүү иш-чараларынын бири болгон шайлоо алдындагы үгүт шайлоочуларды шайлоого катышып жаткан талапкерлер, саясий партиялар жана алардын шайлоо программалары жөнүндө максаттуу маалымат менен камсыз кылуу милдетин көздөйт, ал эми анын түпкү максаты болуп шайлоочулардын натыйжада шайлоо жүрүм-турумунун конкреттүү моделин тандоо менен чагылдырылып, маңызы шайлоонун жыйынтыгын аныктоочу алардын артыкчылыктарын, шайлоо эркин калыптандыруу саналат.
Мына ушундан улам, элге таандык болгон бийликти түздөн-түз чагылдыруу формаларына чыныгы демократиялык жана эркин мүнөз берүү үчүн жарандарды мазмундуу маалымат менен камсыз кылуу өзгөчө мааниге ээ. Шайлоочуларды маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт шайлоону маалыматтык камсыздоонун эки компоненти катары, жарандардын эркин аң-сезимдүү билдирүүгө жана шайлоонун кудуретүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатууга көмөктөшөт.
Шайлоону маалыматтык камсыздоо түзүмүндө шайлоо алдындагы үгүт талапкерлер, саясий партиялар жөнүндө маалыматтын олуттуу булагы болуп, шайлоонун негизги маалымдоо мүнөздөмөлөрүн аныктап, шайлоочулардын түзүлүп жаткан мамлекеттик органдарга ишеним деңгээлин жогорулатуучу маанилүү саясий функцияны аткарат.
Шайлоо алдындагы үгүт иштеринин саясий максаты, бир жагынан, талапкерлер, саясий партиялар өздөрүнүн шайлоо алдындагы программаларын шайлоочуларга жеткирүү жана жаңы шайлоочуларды тартуу, экинчи жагынан, белгилүү бир шайлоо артыкчылыктары бар шайлоочуларга саясий көз караштарын жактырган талапкерлер жана партиялар жөнүндө маалыматты ЖМК, басылма үгүт материалдары жана коомдук иш-чаралар аркылуу мүмкүндүк берүү болуп саналат. Мындан тышкары, шайлоо өнөктүгү шайлоочуларга талапкерлердин кесиптик даярдыгынын жана адеп-ахлактык сапаттарынын деңгээлин билүүгө жана анын негизинде өз көз карашын аныктоого жана эркин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.
Мына ушундан мыйзам чыгаруучу шайлоону маалыматтык камсыз кылуунун, ал жарандардын шайлоо укуктарын, шайлоолордун демократиялык мүнөзүн жана аныктыгын, алардын натыйжасында түзүлгөн мамлекеттик бийлик органдарынын мыйзамдуулугун талаптагыдай кепилдеген тартибин белгилөөгө тийиш.
Шайлоонун жүрүшүндө шайлоочуларга талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо программалары жөнүндө маалыматтарга жетүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүүгө, анын негизинде шайлоочулар өздөрүнүн аң-сезимдүү тандоосун жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. Демек, эркин жана таза шайлоо жарандардын белгилүү бир тартипте добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу аркылуу гана эмес, ошондой эле мамлекеттик бийликтин жогорку органдарына талапкер болгон бардык талапкерлер, саясий партиялар жөнүндө жетиштүү маалымат алуу укуктарын кепилдөө жолу менен өткөрүлөт.
4. Конституциянын 32, 33-беренелери менен кепилденген сөз эркиндиги жана маалымат эркиндиги ишенимдүү гана эмес, күмөндүү маалыматты да эркин таратууга, жүйөөлүү ой-пикирин гана эмес, жаңылыш ойлорду да коргоого жана башкаларга таңуулоого, айтор ойго келбеген жана жаңылыштык идеялар, көпчүлүк үчүн кемсинткен жана үрөй учурарлык болуп көрүнүшү мүмкүн болгон пикирлерди айтуу укугун болжойт. Ушул себептен эбегейсиз сөз эркиндигин коомдун турмушунда жалаң оң маанайдагы көрүнүш катары кароого болбойт.
Сөзсүз, каралып жаткан аспектиде шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү укугу маалыматты эркин таратуунун бир түрү катары сөз эркиндиги менен корголот. Ошол эле учурда мамлекеттик бийлик органдарын түзүү механизминин ажырагыс элементи катары шайлоо алдындагы үгүт иштерин мамлекет көз жаздымда калтыра албайт, анткени бүтүндөй коомдун кызыкчылыктары үчүн кайтарымсыз кесепеттерден чыгууда мамлекеттик институттарды мыйзамдаштыруу катуу тартипти, айкындуулукту жана иш-аракеттердин алдын ала белгиленген параметрлерде айкын болушун талап кылат. Бул үгүт иштерин өткөрүүдө сөз эркиндигин жана ЖМК эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестикти белгилөөчү КМШга мүчө мамлекеттерде Демократиялык шайлоолордун стандарттары, шайлоо укуктары жана эркиндиктери жөнүндө конвенциянын (13-берененин 6-пункту) жана «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кецештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын (28-берененин 2-бөлүгү) жоболорунан дагы келип чыгат.
Демек, шайлоонун алдында жана шайлоо учурунда демейдеги шарттарда колго алынгыс сөз эркиндигине айрым чектөөлөр коюлушу мүмкүн.
Шайлоо өнөктүгүнүн ар тараптуулугун эске алуу менен, мыйзам чыгаруучу өз карамагында кыйла эркиндикке ээ болот, бирок ал шайлоонун жыйынтыктарынын коомдук мааниси менен эркин шайлоо укугу жана сөз жана маалымат эркиндигине укук сыяктуу конституциялык маанилүү баалуулуктардын ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылуу зарылдыгынан чыгышы керек.
Ошентип, мыйзам чыгаруучу өзүнө Баш Мыйзам тарабынан берилген дискрециялык ыйгарым укуктардын чегинде шайлоочулардын эркин билдирүүсү үчүн шарттарды түзүү менен бирге үгүт иштерин өткөрүүнүн тартибине жана мазмунуна талаптарды киргизүүгө укуктуу.
5. Таза шайлоо принциби, биринчи кезекте, шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн ушундай шарттардын түзүлүшүн, мунун аркасында аларга маалымат булактарына бирдей жетишүү мүмкүнчүлүгү жана шайлоочулар үчүн өздөрү жана шайлоо алдындагы программаларынын мазмуну жөнүндө маалыматтарды жеткирүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр түзүлмөк, акыры жогоруда белгиленгендер шайлоочулардын чыныгы эркин билдирүүсүнө көмөк болушу керек деп болжойт.
Бирок, мамлекет тарабынан берилген кепилдиктерге карабастан, шайлоо процессинин бардык катышуучулары шайлоочулардын колдоосуна ишенип, финансылык, техникалык жана кадрдык ресурстардын чектелүүлүгүнөн улам шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү үчүн мыйзам тарабынан берилген ыйгарым укуктардын толук көлөмүн пайдалана алышпайт. Ошондуктан, шайлоо процессинин катышуучуларынын дараметин тең салмактоо жана зарыл ресурстарга ээ болбогон, бирок шайлоочулардын кандайдыр бир колдоосуна ээ болгон социалдык топтордун коомдун саясий турмушуна катышуусуна тоскоолдук кылуучу факторлордун пайда болушуна жол бербее максатында, мамлекет шайлоонун негизги жөнгө салуучусу катары өз каражаттарынын эсебинен жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусу менен алардын мүмкүнчүлүктөрүнүн тең салмаксыздыгы критикалык мааниден чыгып кетпей жана шайлоочулардын адашуусуна алып келбеши үчүн зарыл маалыматтык талааны түзөт.
Мамлекет элдин эркин жана анын бийлигин чыныгы билдирүүгө көмөктөшүп, шайлоочулардын зарыл активдүүлүгүн, шайлоолордун туруктуулугун жана мезгилдүүлүгүн камсыз кылуу максатында калкты шайлоо маселелери боюнча маалымдоо үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү. Ал эми шайлоо процессинин катышуучуларына маалымат талаасын акысыз пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилгендиктен, мамлекет алар үчүн бирдиктүү жүрүм-турум эрежелерин белгилөөгө укуктуу. Мында мамлекет эл аралык стандарттарга таянат, алардын маңызы шайлоо өнөктүгү жоопкерчиликтүү мүнөзгө ээ болууга тийиш; эч бир талапкер мамлекет тарабынан акысыз берилген маалымат булактары аркылуу жалган, жалаа жапкан билдирүүлөрдү жасабай, ошондой эле жапырт бурмалоого алып келе турган аткарылбас убадаларды бербеши керек.
Колдонуудагы мыйзамдарда талапкерлер үчүн шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн мазмунун, формаларын жана ыкмаларын аныктоодо өз алдынчалык түрүндөгү артыкчылыктардын кеңири шаймандары каралган, өз кезегинде, алар талашылып жаткан ченемдин жөнгө салуучу таасирине дуушар болбойт. Мындан тышкары, талашылып жаткан ченемдин таасири шайлоо алдындагы үгүт иштерин мамлекеттик бюджеттен каржылануучу, бирок акы төлөнүүчү негизде кызмат көрсөтүүчү ЖМКда, ошондой эле менчигинин формасына карабастан башка ЖМКда жана интернет басылмаларда жүргүзүүгө жол берилген учурда да тийбейт.
Ошентип, жогоруда аталган максаттар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген талаптар шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоочуларды башка талапкерлерге, шайлоого катышып жаткан саясий партияларга карата алардын позициясы жана көз карашы менен тааныштыруу мүмкүнчүлүгүн чектебейт, антпесе бул сөз жана пикир билдирүү эркиндигин өлчөмсүз чектөөгө алып келмек, демек, аларды Конституцияга карама-каршы келет деп таанууга болбойт.
Ошол эле учурда мындай талаптарды белгилөөдө мыйзам чыгаруучу укуктук аныктык принцибин жетекчиликке алышы керек, башкача айтканда, алар укуктук ченемдердин тактыгынын, айкындуулугунун жана кош маанилүү эместик талаптарына жана алардын учурдагы укуктук жөнгө салуу тутумундагы шайкештикке жооп бериши керек. Укуктук ченемди бирдей түшүнүү жана чечмелөө болгондо гана укуктук аныктык камсыз кылынат. Башкасы карама-каршы келген укук колдонуучулук тажрыйбаны пайда кылат, аларды түшүнүксүз жана өзүм билемдик менен колдонуу мүмкүнчүлүгүн түзөт, бул конституциялык орнотмолордун жол берилгис бузулушуна алып келиши мүмкүн.
Эркин, адилеттүү жана таза шайлоону камсыз кылуу максатында ой, пикир жана сөз эркиндиги менен корголгон пикирлерди (баалоо ой-пикирлер) билдирүү мүмкүнчүлүгү жалган маалыматты шылтоо кылып, жабылбашы керек. Мыйзам чыгаруучу тарабынан шайлоонун коомдук-укуктук маанисине, ошондой эле маалымат булактарына жетүү бюджеттик каражаттардын эсебинен берилгендиктен улам кайрылуусу мыйзам чегинде болгон сын пикирлерди билдирүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгара турган жүрүм-турум эрежелерин киргизүүнү актай албайт.
Талашылып жаткан ченемдерге келсек, мыйзам чыгаруучу тарабынан аларда «...мүмкүн болуучу терс натыйжаларды...», «...көз көрүнөө басымдуулук кылган...» сыяктуу туюндурмалардын колдонулушу жогоруда баяндалган принциптин талаптарына жооп бербей, ар кандай чечмелөө жана өзүм билемдик менен укук колдонуу мүмкүнчүлүгүнө жол бергенин моюнга алуу керек, демек ал мыйзамдар тарабынан түзөтүлүүгө жатат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту
ЧЕЧТИ:
1. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 6 бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 2, 4, 5-бөлүктөрүнө, 32-беренесинин 1-3-бөлүктөрүнө, 33-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Чечимдин жүйөлөштүрүү бөлүгүндө баяндалган укуктук көз карашты ишке ашырууга багытталган тиешелүү ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, ал жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга тийиш.
5. Бул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысында» жарыялансын.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ