Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-июну № 377-VII
Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарында жашаган жарандарга социалдык төлөмдөр боюнча инвентаризациялоону жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 2-апрелиндеги № 1767-III токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмегине ылайык Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарында жашаган жарандардын эмгек акысына, пенсияларына, стипендияларына жана башка социалдык төлөмдөрүнө кошумча акы төлөөнүн коэффициенттери боюнча инвентаризациялоону жүргүзсүн.
2. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжалары тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2022-жылдын 30-сентябрына чейин маалымат берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Т.Т.Мамытов |