Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-июну № 317-VII
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Санариптик өнүктүрүү министрлигине стратегиялык объекттерди өткөрүп берүүнүн мыйзамдуулугу, билим берүү тутумун реформалоо, жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан дыйкандарга жардам көрсөтүү боюнча иштер жөнүндө маалыматы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Санариптик өнүктүрүү министрлигине стратегиялык объекттерди өткөрүп берүүнүн мыйзамдуулугу, билим берүү тутумун реформалоо, жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан дыйкандарга жардам көрсөтүү боюнча иштер жөнүндө маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бул маселелер боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети:
- «ТНК Дастан» ачык акционердик коомунун базасында дата-борборлорду түзүүнүн/жайгаштыруунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени карасын;
- республиканы санариптештирүүгө чыгымдарды оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин башкаруусуна чарбалык коомдорду өткөрүп берүү процесси аяктагандан кийин жогорку технологиялык санариптик республикалык холдингди түзүү маселесин карасын;
- өлкөнүн ички мигранттарынын эсебин алуу жана жашаган жери боюнча каттоо боюнча ишти күчөтүүнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине тапшырсын;
- тышкы эмгек мигранттарынын маселесин жеринде ыкчам чечүү максатында эмгек мигранттары басымдуулук кылган өлкөлөрдө дипломатиялык статус ыйгаруу менен элчиликтердин алдында миграциялык бөлүмдөрдү ачуу мүмкүнчүлүгүн карасын.
Төмөнкүлөр боюнча чара көрсүн:
- катуу жааган жамгырдын жана селдин натыйжасында жараксыз абалга келген ирригациялык тутумдарды жер-жерлеринде изилдөө;
- табигый кырсыктарынын алдын алуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү;
- жараксыз абалга келген ирригациялык тутумдарды калыбына келтирүү жана бул максаттар үчүн керектүү көлөмдө каражаттарды бөлүү;
- элеттик товар өндүрүүчүлөрдү өз убагында сугат суусу менен камсыз кылуу;
- гранттык орундарды бөлүштүрүү жана баллдардын кемүү тартибинде окууга тапшыруучулардын рейтингдик тизмесин жарыялоо аркылуу мамлекеттик жогорку окуу жайларына кабыл алуу, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу үчүн шарттарды түзүү;
- дипломдорду, академиялык квалификацияны таануу жана окуу программаларын шайкеш келтирүү жана чет мамлекеттерден кайтып келген эмгек мигранттарын кесиптик кайра даярдоодон өткөрүү;
- методологияларды иштеп чыгуу жана узак мөөнөттүү экономиканын кадрдык муктаждыктарына ылайык эмгек рыногуна болжолдуу изилдөөлөрдү жүргүзүү, балдар технопарктар тутумун уюштуруу, программалаштыруу жана IT-адистерин чыгаруу;
- республиканын жалпы билим берүү уюмдарына психологдун жана медициналык кызматкердин штаттык бирдигин киргизүү жана электрондук билим берүүнү киргизүү (окуучуларды онлайн окутууну уюштуруу);
- республиканын жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарында логистикалык борборлор аркылуу окуучулардын жана балдардын тамактануусун уюштуруу жана окуучулардын ден соолугун чыңдоо.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине, Социалдык саясат боюнча комитетине, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Т.Т.Мамытов |