Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-июну № 325-VII
«2022-жылдын 14-мартында Тегеран шаарында кол коюлган, 2018-жылдын 17-майындагы Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан, Иран Ислам Республикасынын ортосундагы эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашуунун протоколун ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 30-апрелиндеги чыг. № 40-13698) «2022-жылдын 14-мартында Тегеран шаарында кол коюлган, 2018-жылдын 17-майындагы Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан, Иран Ислам Республикасынын ортосундагы эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашуунун протоколун ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | Т.Т.Мамытов |