Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 30-июну № 427-VII
«2021-жылдын 24-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы «Бишкек-Ош автомобиль жолунда кар күрткүлөрдөн коргоо» долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы «Бишкек-Ош автомобиль жолунда кар күрткүлөрдөн коргоо» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 14-июнундагы чыг. № 18-21061) «2021-жылдын 24-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы «Бишкек-Ош автомобиль жолунда кар күрткүлөрдөн коргоо» долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы «Бишкек-Ош автомобиль жолунда кар күрткүлөрдөн коргоо» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | Т.Т.Мамытов |