Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 30-июну № 394-VII
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2021-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2021-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы А.Ш.Акматовдун отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы А.Ш.Акматовдун Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2021-жылдагы иши жөнүндө отчету канааттандырарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- мамлекеттик органдардын бюджеттик каражаттарды чыгымдоосуна, анын ичинде мамлекеттик менчикти башкаруусуна, мамлекеттик катышуунун чоң үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын жана чарбакер субъекттердин ишине контролду күчөтсүн;
- мамлекеттик органдарда жыл сайын аудит жүргүзүүдө табылган мүнөздүү болуп келген бузуулардын себептерине талдоо жүргүзсүн жана аларды четтетүү боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
- республиканын бюджетинен каржылануучу объекттердин курулуш-монтаждоо иштеринин наркын жогорулатууга жол берген мамлекеттик органдардын жетекчилерине карата көрүлгөн чаралар жөнүндө маселени Жогорку Кеңештин кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы:
- аудитордук иш-чаралардын сапатын жогорулатуу, бюджеттик мыйзамдарды сактоо боюнча аудиттин эл аралык стандарттарын киргизүү, республикалык бюджеттин каражаттарын сапаттуу түзүү жана натыйжалуу пайдалануу боюнча иштерди улантсын;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2022-2026-жылдарга Стратегиялык өнүгүү планында көрсөтүлгөн максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн;
- аудитордук процесстердин санариптештирүү жана автоматташтыруу чөйрөсүн өркүндөтсүн жана кеңейтсин;
- аудит жүргүзүүнүн натыйжасында табылган бузууларды классификациялоого карата бирдиктүү мамилени камсыз кылуу максатында бузуулардын жаңы классификаторун киргизүү жана өркүндөтүү боюнча иштерди улантсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз |
| Т.Мамытов |