Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 30-июну № 420-VII
"2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жана "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтому менен бекитилген 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтому менен бекитилген 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-пунктта:
- биринчи абзацтагы "29" деген цифралар "30" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 5-пунктчадагы "4" деген цифра "5" деген цифрага алмаштырылсын;
2) 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын 5-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"
3. Жалал-Абад шаары |
| ||
5 | Административдик имарат, 1934-жылы ишке киргизилген, Жалал-Абад ш., Токтогул көч., 51 | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
|
".
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.Мамытов |