Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 30-июну № 381-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 176-VII токтому менен түзүлгөн, Бишкек шаарындагы башаламан курулуш маселелерин иликтөө жана Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Бишкек шаарындагы башаламан курулуш маселелерин иликтөө жана Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 176-VII токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтү 2022-жылдын 1-ноябрына чейин узартылсын.
Төраганын орун басары | У.Б.Примов |