Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-июну № 352-VII
"2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 4-мартындагы № 110 токтом) "2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | Т.Т. Мамытов |