Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 1-июну № 278-VII
Ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Ж.И.Саалаевди Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктун, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 30-майындагы сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Саалаев Жедигер Ибраимович Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотулсун.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | У.Б.Примов |