Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-июну № 348-VII
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 20-октябрында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөнкүдөй курамда макулдашуу тобу түзүлсүн:
1. В.К.Раимбачаева - төрага, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы;
2. Ч.А.Султанбекова - тең төрага, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
3. А.Исатбек кызы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
4. А.А.Айдарова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
5. Б.З.Түлөбаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
6. А.А.Жоробеков - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнүн эксперти;
7. Ж.К. Дуйшеева - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
8. З.А.Аскарова - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары;
9. Ж.И.Алыбаева - Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
10. Г.С.Шейшекеева - "Укук борбору" коомдук фондунун директору;
11. Е.С.Заиченко - БУУнун (ЮНИСЕФ) балдар фондунун балдардын укуктарын коргоо боюнча программасынын координатору.".
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна 30 календардык күндөн кечиктирбестен киргизсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Т.Т. Мамытов |