Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-июну № 385-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ичинен Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 241-пунктуна ылайык Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттары шайлансын:
М.Самыйкожо - "Элдик" депутаттык тобунан;
Г.А.Кожокулова - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан.
Төрага | Т.Т. Мамытов |