Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-июну № 386-VII
Кызмат ордунан бошотуу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу Г.О.Жамгырчиеваны Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 125-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктун жана "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 1-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Жазуу жүзүндөгү берген арызына ылайык 2022-жылдын 10-июнунан тартып ыйгарым укуктарын токтотуу менен, Жамгырчиева Гульнара Оморовна Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Т.Т. Мамытов |