Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-июну № 354-VII
"2021-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатындагы Индия Республикасынан гранттык жардам боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 16-майындагы чыг. № 25-12577) "2021-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатындагы Индия Республикасынан гранттык жардам боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төрага |
Т.Т. Мамытов |