Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-июну № 382-VII
Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 7-июнундагы № 1239-VII токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында мектептеги тамактанууну уюштурууну жакшыртуу максатында 2023-жылдын 31-августуна чейин 1-4-класстын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу үчүн белгиленген базалык сумманы 7 сомдон 20 сомго чейин көбөйтүү үчүн финансылык каражаттарды тапсын;
2) туруктуу өсүп жаткан инфляцияны эске алуу менен 1-4-класстын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу үчүн негизги сумманы аныктоо бөлүгүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 500 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында 1-4-класстын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" жобого өзгөртүү киргизилсин.
(КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 7-июнундагы № 1239-VII токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| У.Примов |