Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-июну № 384-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине караштуу "Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө
Стратегиялык жана концептуалдык документтерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, эксперттик-аналитикалык колдоо жана депутаттардын жана Аппараттын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин институционалдык өнүгүүсүнө шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине караштуу "Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине караштуу "Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине караштуу "Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемесинин түзүмү 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине караштуу "Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемесин юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат Жетекчисине жүктөлсүн.
6. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| У.Примов |
|
| 2-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 384-VI токтомуна |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине караштуу "Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемесинин ТҮЗҮМҮ