Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-сентябры № 498-VII
«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунда алтындын казып алынышын жана сатылышын, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 494-VII токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунда алтындын казып алынышын жана сатылышын, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 494-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын:
«Ж. Коргонбай уулу – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.».
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| Н.О. Сыдыгалиев |