Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-июну № 307-VII
"2021-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык "2021-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "2021-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасынын жыйынтыгы боюнча төмөнкү сунуштамалар мамлекеттик органдардын кароосуна жөнөтүлсүн:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жарандардын турак жайын алып коюу (сатып алуу) тартиби жана жол-жоболору жөнүндө ченемдик укуктук актыларды белгиленген тартипте иштеп чыксын жана бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана баалоочулардын көз карандысыз иши жөнүндө ченемдерди баалоо иши жана алып коюлуп жаткан объекттин сатып алынуучу баасын аныктоо жол-жоболору тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселелерди карап чыксын;
- эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларда турушкан адамдардын болуу шарттарын жакшыртуу үчүн объекттердин курулушу жана ремонту боюнча иш-чараларды этап-этабы боюнча каржылоо, аскер кызматчыларын медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу (анын ичинде аскер кызматчылары үчүн борбордук госпиталь куруу), бул мекемелерде (анын ичинде, "Укук кербени" долбоорунун алкагында мониторинг жүргүзүлгөн интернаттарда, жалпы типтеги мектеп-интернаттарында жана карылар үйлөрүндө, билим берүү мекемелеринде жана башка кары-картаңдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык-стационардык мекемелерде, ошондой эле балдар мекемелеринде) тамак-аштын сапатын жана санын жакшыртуу, зомбулукка кабылган адамдар жана балдар менен иштөө боюнча ыкчам бригадаларды түзүү боюнча иш-чараларды каржылоо менен байланышкан мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды, алардын ишке ашыруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- мыйзамда белгиленген тартипте баяндаманын 1.4-бөлүкчөсүндө көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) Кыргыз Республикасынын кодекстерине жана мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштамалары боюнча сунуштарды карап чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- медициналык-социалдык жана соттук экспертизаларды жүзөгө ашыруу үчүн изилдөөчү жабдууларды жана зарыл компоненттерди сатып алуу менен байланышкан чыгымдар каралган республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды Жогорку Кеңештин кароосуна киргизсин;
- жабык мекемелерде турушкан жана дайыма медициналык жардам көрсөтүүгө муктаж адамдарды табуу боюнча, ошондой эле өнөкөт ооруларына байланыштуу майыптыкты аныктоо боюнча иштерди уюштурсун;
- Кыргыз Республикасында документтерди жыйноо, текшерүү жана медициналык-социалдык экспертизадан өтүү тартиби жөнүндө, анын ичинде эркиндигинен ажыратуу жайларында жазасын өтөп жаткан жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп таануу үчүн ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн;
- майыптуулукту тариздөө, пенсиялардын, жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн аныктоо, региондордо "бирдиктүү терезе" кызмат көрсөтүүлөрүн жайылтуу, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу жайларында жазасын өтөп жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга пенсияларды, жөлөкпулдарды берүү боюнча министрликтердин жана ведомстволордун ишин чыңдасын;
- "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына турмуштук оор кырдаалга дуушар болгон үй-бүлөлөргө мониторинг жүргүзүүнүн натыйжасы боюнча пенсиялык куракка жеткендиги тууралуу талаптарды койбостон туруп, баатыр энелерге "Баатыр Эне" статусун алган учурдан тартып жөлөкпул төлөөгө байланышкан өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы жөнүндө Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунушун карап чыксын;
- социалдык мекемелердин, медициналык-социалдык жана соттук экспертиза мекемелеринин, ошондой эле Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Аппаратынын кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатууну каржылоо менен байланышкан мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- камкорчу мекемелердин медициналык кызматкерлеринин ишинин оордугун эске алуу менен, алардын эмгек акысын көбөйтүү максатында камкорчу мекемелердин штаттык ченемдерин кыска мөөнөттүн ичинде бекитсин, алардын эмгек акыларын көбөйтүү үчүн каражат тапсын;
- бардык жаза аткаруу жана ички иштер мекемелеринин медициналык-санитардык бөлүктөрүнүн материалдык-техникалык базасынын деп соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды кармоо шарттарынын алардын муктаждыктарына ылайыктуулугуна аудит жүргүзсүн жана аларды жакшыртуу боюнча чараларды каржылоо мүмкүнчүлүгүн карап чыксын;
- саламаттык сактоонун бардык медициналык жана техникалык кызматкерлерине, анын ичинде COVID-19 же ооруканадан тышкаркы пневмония менен оорушкан тез жардамдын кызматкерлерине дагы, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурундагы иши үчүн, алардын "кызыл зонадагы" ишине карабастан, компенсация төлөп берүү үчүн каражаттарды тапсын;
- Акыйкатчынын (Омбудсмендин) 2021-жыл үчүн жылдык баяндамасында көрсөтүлгөн контурлардагы Ленин айыл аймагынын, Аламүдүн айыл аймагынын аймактарында турган өзгөчө баалуу айдоо сугат жерлерди жеке менчикке өткөрүп берүүнүн мыйзамдуулугу тууралуу маселени карап чыксын;
- Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартип жоопкерчилигине тартуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунушун карасын; Ош шаарынын мэриясына Х.А. Байматованын турак жай укуктарын, ага жекече менчик үй куруу үчүн теңдеш жер участогун ж.б. берүү менен, калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү тапшырылсын;
- Акыйкатчынын (Омбудсмендин) мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизүү укугу жөнүндө Министрлер Кабинетинин Регламентине (9-п.) толуктоо киргизүү тууралуу маселени карап чыксын;
- Нарын областынын Ак-Талаа районундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Окуу борборун (күндүзгү борбор) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин балансына өткөрүп берүү мүмкүндүгүн карап чыксын;
- региондордогу медициналык персоналдар үчүн тиешелүү иш шарттарын түзүү (материалдык-техникалык база, коммуналдык кызматтарды төлөө боюнча жеңилдиктер, эмгек акыны жогорулатуу ж.б.) максатында финансы каражаттарын караштырсын;
- билим берүү мекемелеринде акча каражаттарын мыйзамсыз жыйноо, медициналык мекемелерде мамлекеттик программалардын алкагында бекер берилүүчү дары-дармектер үчүн төлөм алуу фактыларын аныктоо боюнча иштерди системалуу түрдө жүргүзсүн;
- жарандык алуу, документтештирүү маселелери боюнча көйгөй жаралып келген этникалык кыргыздарды аныктоо жана тизмелерин түзүү; кийин алардын маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн паспорттору жок жарандардын тизмелерин; ата-энесин же алардын бирин жоготкон балдардын тизмелерин; социалдык жардамга муктаж кеп балалуу үй-бүлөлөрдүн тизмелерин түзүү боюнча ишти дайыма жүргүзүп турсун;
- БУУнун Жетектөөчү принциптерин ишке ашыруу максатында, ишкердик иштер жана адам укуктары жаатындагы Кыргыз Республикасынын иш-аракеттеринин планын иштеп чыксын жана кабыл алсын, атап айтканда, конкреттүү масштабдуу долбоорлорду же коммерциялык ишти жүзөгө ашырууга лицензияларды жана уруксаттарды берүүдө адам укуктарын сактоонун негизги маселеси катары курчап турган чөйрөгө таасирди баалоо, ишкердик иштин адам укуктарына болгон терс таасирлеринин коркунучтарын баалоо жана алдын алуу боюнча ченемдик талаптарды киргизсин;
- жооптуу бизнес-жүрүм-турумдун зарылчылыгы, коргоо каражаттары, адам укуктары чөйрөсүндөгү саясат жөнүндө калкка жана бизнес-сектордун өкүлдөрүнө маалыматтык иш-чараларды өткөрсүн;
- үлүштүк курулуштун катышуучуларына жеткиликтүү юридикалык жардамды, келишимдердин экспертизасын кошо, ошондой эле ишти сотто коштоону камсыз кылсын;
- укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан ВИЧ инфекциясын жуктурган адамдарды колдоо боюнча мыйзамдардын бекем сакталышына өзгөчө контролду камсыз кылсын, алардын басмырлоочу демилгелерди жана кыдырууларды колдонгондугу, мыйзамсыз кармоолор, аларга карата коркутууларды, шантажды жана опузалоолорду колдонгондугу үчүн жоопкерчиликти жогорулатсын;
- мамлекеттик тилдеги калк арасында туруктуу негизде жүргүзүлүүчү маалыматтык-агартуучулук иш-чаралардын, айрыкча өспүрүмдөр арасында сексуалдык саламаттык жана ВИЧтин алдын алуу жөнүндө, ошондой эле бул категориядагы жарандар тууралуу маалыматтын тарап кетишине жол бербөө боюнча деңгээлин жогорулатсын;
- жашы жете элек балдардын ата-энелеринин, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жана камкорчуларынын арасында эрте үйлөнүүнүн зыяндуулугу, мыйзамсыздыгы жана кесепеттери тууралуу маалыматтык-агартуучулук иштерди жүргүзсүн;
- ата-энеси эмгек миграциясында жүргөн балдарга камкорчулукту тариздөөнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө, ошондой эле оор турмуштук кырдаалда калган кыргыз мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мекенине кайтып келүүсүнө жардам көрсөтүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыксын жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизсин;
- чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарынын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселелери боюнча, анын ичинде эркиндигинен ажыратуу жайларында болуп калган мигранттардын маселелери, ошондой эле социалдык-маданий кызматташтык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары менен кызматташуу деңгээлин жогорулатсын;
- республиканын аймагындагы шайлоочулардын тизмесинин сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча, шайлоону өткөрүүнүн жана ага катышуунун тартиби жөнүндө шайлоочулардын маалымдуулугун камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзсүн;
- аскер кызматчыларынын жашаган жерине карабастан тиешелүү райондук коэффициентти колдонуу жөнүндө аларды пенсиялык камсыздоо тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизсин;
- аскердик кызматка чакырылганда, аскер кызматчыларын медициналык күбөлөндүрүү жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
- кылмыштарды азайтууга жана аларды ачуу сапатын жогорулатууга багытталган тергөөчүлүк жана ыкчам кызматтардын ишин баалоонун индикаторлору тууралуу сунуштарды киргизсин;
- Кыргыз Республикасымын калкынын психикалык саламаттыгын сактоо боюнча 2018-2030-жылдарга карата программаны аткаруу маселелерин карап чыксын;
- Кыргыз Республикасынан чегинен тышкары чыгып жаткан жарандарга чет мамлекеттин аймагында болуу тартиби, алардын укуктары жана милдеттери жөнүндө маалымдоо боюнча чараларды көрсүн, ошондой эле экстремисттик топтордун таасири астында динди окутуунун терс кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- үстүбүздөгү жылдын сентябрь айындагы парламенттик саатта кургактагы жана башка аскердик бөлүктөрдө аскердик жана альтернативдик кызмат өтөө үчүн тийиштүү шарттарды түзүү боюнча, ошондой эле 2021-жылдын март айында аскер кызматчыларынын кургак учук оорусун массалык түрдө жугузууга каршы көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берсин;
- зомбулукка жана ырайымсыз мамилеге дуушар болгон, ошондой эле ата-энеси таштап кеткен жана ата-энеси узак убакыт бою көңүл бурбаган балдардын ата-энелерин ата-энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана ыйгарым укуктуу органдардын доолорун сот тартибинде кароо тууралуу сунуштарды кыска мөөнөттө киргизсин;
- коммерциялык уюмдардын жетекчилеринин жана ишкерлердин алардын кызматкерлеринин эмгек мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги жөнүндө сунуштарды киргизсин;
- 2022-жылдын жана андан кийинки жылдары жай айларында ырайымсыз мамилеге дуушар болгон жана балдар эмгегине тартылган балдарды аныктоо боюнча Акыйкатчы (Омбудсмен) менен биргелешкен иш-чараларды уюштурсун.
2) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:
- жарандардын № 2 форма боюнча добуш берүүсү жокко чыгарылгандыгын эске алып, ички мигранттардын добуш берүү маселелерин чечсин;
- шайлоо мезгилинде республиканын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына добуш берүүнүн жана зарыл документтерди толтуруунун тартиби жөнүндө консультативдик жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын элчиликтеринин алдында консулдук бөлүмдөрдүн ишине волонтёрлорду тартуунун тартибин иштеп чыксын;
- бардык участоктук шайлоо комиссияларында аппаратуранын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууну караштырсын.
3) Кыргыз Республикасынын Жогорку соту:
- сот иштерин кароодо жана чечүүдө мыйзамда берилген ыйгарым укуктардын алкагында мыйзамдуулуктун бекем жана кыйшаюусуз сакталышын камсыз кылсын;
- соттук териштирүүлөрдүн мөөнөттөрү бузулушунун алдын алууга багытталган тиешелүү чараларды көрсүн.
4) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- мамлекеттик айыптоочу катары соттук териштирүүлөргө катышуучу Кыргыз Республикасынын прокурорлоруна карата кызматтык контролду жана тартип жоопкерчилигин күчөтүү тууралуу маселени карасын;
- укук коргоо органдарынын иш-аракеттеринин мыйзамдуулугуна, анын ичинде өзгөчө абалдын жана өзгөчө кырдаалдын мезгилинде прокурордук көзөмөлдү натыйжалуу жүзөгө ашыруу жана адам укуктарынын бузулуусуна жол бербөө боюнча чараларды көрсүн;
- укук коргоо органдарындагы сотко чейинки өндүрүшкө көзөмөлдү күчөтсүн, тергөөнүн сапатына, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде (КЖБР) арыздардын каттоо жана иликтөө мөөнөттөрүнүн сакталышына баа берсин;
- кылмышка шектүүлөрдү (айыпталуучуларды) СИЗОдо, УКЖда кармоонун мөөнөттөрүн жана аларды тергөө изоляторлоруна өз убагында которулушун контролдоону күчөтсүн;
- баяндамада чагылдырылган иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдарын өткөрүп берүүдө көмөк көрсөтсүн;
- кыйноолор жана ырайымсыз мамилелер боюнча кылмыштарды ачуу жана иликтөө боюнча иштиктүү көзөмөл уюштурсун;
- адистештирилген психиатрдык мекемелерде психиатрдык жардам көрсөтүүнүн мыйзамдуулугунун так жана бир түрдүү сакталышына көзөмөл жүргүзсүн.
5) Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы адвокаттардын сот жыйындарынын үзгүлтүккө учурашына жол бербөө боюнча иштерине, Этика боюнча комиссиясы тарабынан кайрылууларды кароонун тартибинин жана мөөнөттөрүнүн сакталышына контролду күчөтсүн.
3. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү мамлекеттик органдар Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ар жылдык баяндамасын угуунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган сунуштамаларынын ишке ашырылышы боюнча ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Аппаратына маалымат берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) сунуштамаларынын ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү. мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылышына мониторинг жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кезектеги ар жылдык баяндаманы киргизүүдө маалымат берсин.
Төрага |
Т.Т. Мамытов |