Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2022-жылдын 5-октябры № 513-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 8 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.
2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:
А.А.Турсунбаев - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
М.О.Темирбаева - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
Б.З.Түлөбаев - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
Ж.К.Акаев - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
Г.А.Кожокулова - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Д.А.Ашимова - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
Н.А.Азыгалиев - "Элдик" депутаттык тобунан;
Ш.К.Атазов - № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| У.Б.Примов |