Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 6-октябры № 520-VII
А.А.Максутовду Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 80-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктун жана 90-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацын, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 3-октябрындагы ПЖ № 338 Жарлыгын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Максутов Алтынбек Аскаровичти Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берилсин.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Н.О.Сыдыгалиев |