Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-октябры № 568-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасын жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасын жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 9 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.
2. Эсептөө комиссиясы төмөнкүдөй депутаттардын курамында шайлансын:
Сулайманов Э.Н. - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Жакышов Р.Ш - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
Тентишев Б.Э. - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
Исираилов А.А. - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
Токтошев Э.Т. - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Ашимова Д.А. - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
Алтынбеков А. - "Мекенчил" депутаттык тобунан;
Ражабалиев Н.А. - "Элдик" депутаттык тобунан;
Атамбаев С.А. - № 25 Аламүдүн бир мандаттуу шайлоо округу боюнча.
Төраганын орун басары |
| Н. О. Сыдыгалиев |