Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 19-октябры № 547-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 19-октябрындагы жыйналышынын күн тартиби
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 19-октябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«2022-жылдын 24-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык комиссиясынын жана Евразия экономикалык бирлигинин сотунун Россия Федерациясынын жарандары болуп саналган кызмат адамдарын жана кызматкерлерин пенсиялык камсыздоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Дене тарбия жана спорт маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2022-2023-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо, чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын абалы, мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү чөйрөсүндөгү иштердин абалы, ошондой эле депутаттар көтөргөн социалдык-экономикалык маселелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы.
Төрага | Н.Т. Шакиев |