Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-октябры № 571-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 8-сентябрындагы №463-VII токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу иштеп чыккан «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 8-сентябрындагы №463-VII токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу иштеп чыккан «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынсын.
Төрага |
Н. Т. Шакиев |