Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-ноябры № 655-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.М.Бакировдун кызматтык иш бөлмөсүнө байланыштуу маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Элдик" депутаттык тобунун 2022-жылдын 23-ноябрындагы № 54 чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.М.Бакировдун кызматтык иш бөлмөсүнө байланыштуу маселени иликтөө боюнча төмөнкү курамда убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлсүн:
Козуев А.А. - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Абдибаева А.Н. - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
Мамытов Т.Т. - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
Жамгырчиев Э.Э. - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
Кожокулова Г.А. - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Ашимова Д.А. - "Ыйман нуру" парламенттик фракциясынан;
Ажибаев Ч.И. - "Элдик" депутаттык тобунан;
Атажанов Ы.Ы. - "Мекенчил" депутаттык тобунан;
Сурабалдиева Э.Ж. - № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округунан;
2. Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
3. Комиссия 2022-жылдын 1-декабрына чейин жүргүзүлгөн иштин жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
Н.Т.Шакиев |