Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 3-ноябры № 622-VII
Билим берүү чөйрөсүндөгү инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча жеке демилгени мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө
Мамлекеттик мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын толуп калгандыгына байланыштуу түзүлгөн курч кырдаалды, жаңы мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарын ачуунун кескин муктаждыгын эске алуу менен, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги туруп калган орун жайларды жана жер участокторун берүү жолу аркылуу аларды жеке демилге тартибинде ачуу үчүн шарт түзүү, билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө:
- Билим берүү тутумунун инфратүзүмүн мамлекеттик колдоо жана өнүктүрүү программасын иштеп чыксын жана кабыл алсын;
- милдеттүү түрдө спорт комплекстери жана аянтчалары бар болгон же курула турган шартта жеке менчик мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарын ачуу үчүн кызыкдар жактарга аларды өткөрүп берүү максатында мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги туруп калган имараттардын тизмесин даярдасын жана бекитсин;
- өткөрүп берилүүчү объекттерди пайдалангандыгы үчүн төлөмдүн жеңилдетилген өлчөмүн жана мамлекеттик колдоонун башка чараларын аныктоо менен, ижара, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана инвестициялык кызматташуу шарттарында жеке менчик мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарына мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган имараттарды, орун жайларды жана жер участокторун ачык, айкын жана атаандаштык негизде берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн механизми маселелерин камтыган Билим берүү тутумунун инфратүзүмүн мамлекеттик колдоо жана өнүктүрүү программасын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон мыйзам актыларын кабыл алуу тууралуу сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
- Билим берүү тутумунун инфратүзүмүн мамлекеттик колдоо жана өнүктүрүү программасын ишке ашыруу үчүн эл аралык финансылык институттардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн финансылык жана техникалык жардамдарын тартуу боюнча чараларды көрсүн;
- жалпы билим берүүчү мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык уюмдарды куруу жана жайгаштыруу үчүн кесиптик-техникалык лицейлерге таандык болгон бош жаткан жер участокторун, орун жайларды жана курулмаларды өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн карасын;
- жеке менчиктеги мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарын ачуу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги туруп калган имараттарды өткөрүүдө колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайыктуулугун эске алсын;
- Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине курулуп жаткан турак жай комплекстеринин инфратүзүмүнүн абалы, социалдык объекттерди - мектептерди, бала бакчаларды, поликлиникаларды эсепке албастан, турак жай кварталдарын башаламан курууга жол бербөө боюнча иш чараларды көрүү, ошондой эле жашыл бак-дарактардын аянтын милдеттүү түрдө көбөйтүү боюнча чараларды көрүү үчүн жоопкерчилик жүктөсүн;
- инсоляция, шамалдын көбүрөөк соккон багыты жана аба циркуляциясы, жашылдандыруу жана ирригация, аймактын сейсмикалуулугу боюнча, өзгөчө билим берүү чөйрөсүндөгү инфратүзүмгө тиешелүү, милдеттүү эсептери бар жер участокторунун шаар куруунун экологиялык паспортторун иштеп чыксын жана ченемге киргизсин;
- Билим берүү тутумунун инфратүзүмүн мамлекеттик колдоо жана өнүктүрүү программасында жалпы билим берүү уюмдарынын алдында спортту жана спорт комплекстерин өнүктүрүү боюнча өзүнчө пункттарды карасын;
- мурда министрликтерге жана ведомстволорго өткөрүп берилген мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин имараттарынын жана курулмаларынын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын;
- мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин жер участокторун, имараттарын, орун жайларын жана курулмаларын милдеттүү түрдө менчик укугуна мамлекеттик каттоодон өткөрсүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүп берсин;
- мурда мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелерине таандык болгон, жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берилген же менчиктештирилген, ошондой эле 1992-2005-жылдары министрликтерге жана ведомстволорго өткөрүп берилген жана өз багыты боюнча пайдаланылбаган имараттарга, жер участокторуна, орун жайларга жана курулмаларга, анын ичинде алардын мүлкүнө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен биргеликте инвентаризация жүргүзсүн, жыйынтыгы боюнча тиешелүү чараларды көрсүн, жогоруда көрсөтүлгөн мекемелерди кайтарып алуу механизмин иштеп чыксын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
Н.А.Азыгалиев |