Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-октябры № 549-VII
Ч.А.Айдарбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын кызмат ордунан кайра чакыртып алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык жана "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним", "Ынтымак" парламенттик фракцияларынын, "Мекенчил" депутаттык тобунун чечимдеринин негизинде Ч.А.Айдарбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын кызмат ордунан кайра чакыртып алынсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.А.Айдарбековду Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 97-VII токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Т.Шакиев |