Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-ноябры № 627-VII
"2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Бажылык транзиттин бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды ташууда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, антидемпингдик жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 23-августундагы чыг. № 40-3598) "2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Бажылык транзиттин бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды ташууда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, антидемпингдик жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төраганын орун басары |
| Дж.Исаева |