Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-декабры № 704-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордунан К.Т. Осмоналиевди бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 2-пунктуна жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Осмоналиев Камиль Турдубековичтин ѳз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда кызмат ордунан бошотуу жөнүндө арызы эске алынсын.
2. Ѳз каалоосу боюнча жазуу жүзүндө берилген арызына ылайык 2022-жылдын 23-сентябрынан тартып кызмат ордунан бошотуу менен Осмоналиев Камиль Турдубековичтин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
Төраганын орун басары |
| Н.А. Азыгалиев |