Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-ноябры № 667-VII
«Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чѳйрѳсүндѳгү айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 26-майындагы чыг. № 18-9093) «Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чѳйрѳсүндѳгү айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык саясат боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары Дж.К. Исаева