Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 8-декабры № 714-VII
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы киргизген (2022-жылдын 5-октябрындагы чыг. № 18-40817) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
-Мамлекеттик кепилдиктердин программасы боюнча медициналык жардам алууга укугу бар адамдардын бардык категорияларын медициналык камсыздандыруу менен камтуу боюнча чараларды көрсүн;
-пенсионерлер, 16 жашка чейинки балдар, социалдык жөлөкпул алышкан адамдар, жумушсуз жарандар, студенттер жана аскер кызматчылары үчүн республикалык бюджеттен бөлүнүүчү милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөрдүн өлчөмүн көбөйтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
-медициналык кызматтарга, анын ичинде медициналык жабдууларга, дары-дармектерге жана медициналык багыттагы буюмдарга акы төлөөгө бюджеттин жана башка булактардын эсебинен бөлүнгөн каражаттардын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланылышын контролдоо;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек акы боюнча чыгымдарды жүргүзүүдө мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу, үнөмдүү жана негиздүү пайдаланылышын контролдоо;
-товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда конкурстук жол-жоболорду өткөрүү, сатып алуу усулдарын туура колдонуу бөлүгүндө “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам ченемдеринин сакталышын жана аткарылышын талаптагыдай контролдоо;
-кампаларда турган негизги каражаттардын, дары-дармектердин жана медициналык багыттагы буюмдардын калдыктарына талдоо жүргүзүү жана кийинки финансылык жылга бюджетти түзүүдө калдыктардын болушун эсепке алуу;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген ченемдерди сактоо менен тамак-аш азыктарын сатып алууга чыгымдарды пландоону контролдоо.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Дж.К. Исаева |