Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-декабры № 771-VII
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 7 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.
2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:
Ф.Д.Исмаилов - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
М.О.Темирбаева - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
М.Ж.Сыдыков - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
Ф.А.Алимжанов - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
В.К.Раимбачаева - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
А.Алтынбеков - "Мекенчил" депутаттык тобунан;
М.К.Сарбагышев - "Элдик" депутаттык тобунан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.Азыгалиев |