Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2022-жылдын 1-декабры № 686-VII
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 8 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.
2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:
Ф.Д.Исмаилов - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Э.Р.Джусупов - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
Б.Э.Тентишев - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
Н.Я.Алимжанова - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
Э.Т.Токтошев - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
В.К.Раимбачаева - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
Коргонбай уулу Ж. - "Мекенчил" депутаттык тобунан;
Н.А.Ражабалиев - "Элдик" депутаттык тобунан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
Н.О.Сыдыгалиев |