Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2022-жылдын 1-декабры № 685-VII
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Альянс" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алимжанова Нилуфар Якубжановна Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ашимова Динара Ашимовна Социалдык саясат боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын.
3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
2-пунктчасынын бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Алимжанова Иилуфар Якубжановна - "Альянс" парламенттик фракциясынан;";
4-пунктчада:
- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Раимбачаева Винера Калыбековна - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;";
- 6-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Мамытов Талант Турдумаматович - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;".
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
Н.О.Сыдыгалиев |