Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2022-жылдын 15-декабры № 737-VII
Бишкек шаарындагы абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө
Бишкек шаарындагы абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматтары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 2022-жылдын 28-февралындагы № 6-3999/22 чечими Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан толук көлөмдө аткарылбаганы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- турак жайларды жылытуу, биринчи кезекте Бишкек шаарынын жана жаңы калктуу конуштардын жашоочуларына газ жабдууларын орнотуу максатында "РСК Банк" ААКсына, "Айыл Банк" ААКсына "Газпром Кыргызстан" ЖЧК компаниясы менен биргеликте кыска мөөнөттө жеңилдетилген насыяларды берүү механизмдерин иштеп чыгуу тапшырылсын. Жеңилдетилген насыя алган абоненттер үчүн жаратылыш газын пайдалануу үчүн баага насыя боюнча төлөмдөрдү киргизсин;
- керектөөчүлөрдүн санынын өскөнүнө байланыштуу Кыргыз Республикасын газ менен камсыз кылуунун жана газдаштыруунун башкы схемасынын жоболоруна ылайык Бишкек шаарына жакын жайгашкан калктуу конуштарды газдаштырууну кеңейтүү жана 2025-жылы газ чарба объекттерин пайдаланууга берүү менен газдаштыруунун мөөнөттөрүн которуу жөнүндө маселени карасын;
- таштандыларды кайра иштетүүчү ишкананын курулушуна бөлүнгөн 22 млн. АКШ доллар көлөмүндөгү каражаттарды максаттуу пайдалануу маселесин иликтесин жана анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
- мамлекеттин менчигинде турган социалдык объекттердин (окуу жайлар, ооруканалар, интернаттар ж.б.) жана электр энергиясынан башка жылытуу системасы жок көп кабаттуу үйлөрдүн электр энергиясын керектөө үчүн айына белгиленген 700 кВт саат лимитин алып салсын жана аларга 1 кВт саат үчүн 77 тыйын тарифин бекитсин;
- Бишкек шаарында абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн, атмосфералык абанын булганышын азайтуу боюнча долбоорлорду финансылык колдоо үчүн инвестицияларды тартуу боюнча иштерди активдештирсин;
- республикага К5 классынан төмөн бензинди киргизүүгө жана Бишкек шаарында сатууга тыюу салуу боюнча чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү электр жана гибриддик кыймылдаткычтуу автотранспорт каражаттары үчүн бажылык жана салыктык өзгөчө преференцияларды узартуу жөнүндө маселени карасын;
- Бишкек шаарындагы атмосфералык абанын сапатын 2024-2025-жылдарга карата Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан аныкталган абанын сапаттык орто көрсөткүчтөрүнө шайкеш келтирүү боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
- Бишкек шаарындагы абанын булганышынын адамдын ден соолугуна тийгизген таасири жөнүндө илимий-изилдөө иштерин жүргүзсүн;
- мурда колдонулган катализаторлорду Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгууга (экспорттоого) тыюу салууну узартсын;
- Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу боюнча долбоор үчүн Дүйнөлүк өнүктүрүү банкы тарабынан берилген 50 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү насыялык каражаттарды натыйжалуу жана максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 2022-жылдын 28-февралындагы № 6-3999/22 чечимин аткарбаганы үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жоопкерчиликке тартсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарында жана Чүй областында атмосфералык абанын булганышынан келип чыккан дем алуу органдарынын ооруларынын, онкологиялык оорулардын, артериалдык гипертензия ооруларынын санынын көбөйүшү менен күрөшүү боюнча планды иштеп чыксын, мындай оорулардын санынын көбөйүшүн болтурбоо максатында дайыма мониторинг жүргүзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы:
- Бишкек шаарынын таштанды полигонунда турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын өрттөө жолу менен жок кылууга тыюу салсын, ошондой эле 2023-жылы Бишкек шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу боюнча ишти тездетсин;
- мончо комплекстеринин жана өнөр жай ишканаларынын ишине контролду күчөтсүн, ошондой эле өндүрүштө катуу отунду (көмүр) жана курчап турган чөйрөгө зыян алып келүүчү отундун башка түрлөрүн колдонуп жаткан отканаларга, мончо комплекстерине жана өнөр жай ишканаларына ыш газдарын тазалоо системасын орнотуу боюнча чараларды көрсүн;
- каучукту, резинаны, тигүүчү материалдардын калдыктарын жана жаратылышка зыян келтирүүчү синтетикалык калдыктарды жагууга тыюу салууга контролду күчөтсүн;
- Бишкек шаарынын ЖЭБинин жылытуу казандарын газга өткөрүү боюнча маселени чечүүнү тездетсин;
- Бишкек шаарынын ЖЭБине (күлдүн жана шлактын деңгээлинин жол берилген ченемин эске алуу менен) сатып алынган жана колдонулуп жаткан көмүрдүн сапатын контролдоону күчөтсүн;
- калктуу конуштардагы жеке сектордун жылытуу системаларын газдаштыруу, электр энергиясы, күн батареялары менен жылытууга өткөрүү маселесин тездетсин;
- автотранспорттун катализаторлорун кабыл алуу пункттарына тыюу салуу жөнүндө ченемдик укуктук актыларды киргизсин;
- автотранспортту катализаторсуз пайдаланууга тыюу салууга көзөмөлдү жүзөгө ашырсын;
- Бишкек шаарын жашылдандыруу боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзсүн;
- Бишкек шаарындагы ирригациялык системаны (каналдарды, лотокторду) калыбына келтирсин жана тамчылатып сугаруу системасын бардык жерде жайылтсын;
- абанын булганышынын экономикага тийгизген терс таасирин аныктоо максатында тиешелүү изилдөөлөрдү жүргүзсүн.
6. Бишкек шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
- борбор калаанын участокторунда шамалдын багыттары эсепке алынбай көп деңгээлдеги имараттар жана турак жай комплекстери курулган фактыларды эске алуу менен ыштын пайда болушуна таасир этүүчү шамал багыттарынын бузулушун болтурбоо мүмкүнчүлүгүн кыска мөөнөттө изилдесин;
- шамалдын багыттарын эске алуу менен борбордо жаңы курулуш планын бекитсин;
- шаардын желдетилишин камсыз кылуучу шамалдын багыты жүрүп турган участоктордо көп кабаттуу имараттардын курулушуна тыюу салсын;
- көп кабаттуу турак үйлөрдүн жана имараттардын чатырларын жашылдандыруу боюнча тиешелүү стандарттарды жана механизмдерди иштеп чыксын.
7. Ушул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2023-жылдын 24-апрелине чейин маалымат берсин.
8. Ушул токтом аткарылбаган учурда айлана-чөйрөнү коргоо, экология жана климат, токой чарбасы, экологиялык коопсуздуктун талаптарынын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү саясатты жүргүзүү маселелерин координациялаган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын жоопкерчилиги каралсын.
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине, Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетине, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине, Социалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Н.О.Сыдыгалиев |