Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2022-жылдын 8-декабры № 718-VII
"Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору төмөнкүдөй параметрлерди бекитүү менен экинчи окууда кабыл алынсын:
- республикалык бюджеттин кирешелери ИДПга карата 35,1 пайыз салыштырма салмагы менен жалпысынан 325066045,2 миң сом суммасында, 2024-жылга кирешелер боюнча план - 389211476,3 миң сом суммасында, 2025-жылга - 443829796,6 миң сом суммасында;
- республикалык бюджеттин чыгашалары ИДПга карата 37,4 пайыз салыштырма салмагы менен жалпысынан 346329245,8 миң сом суммасында, 2024-жылга план - 375807446,9 миң сом суммасында, 2025-жылга - 420313951,4 миң сом суммасында;
- республикалык бюджеттин тартыштыгынын өлчөмүнүн чеги ИДПга карата 2,3 пайыз салыштырма салмагы менен 21263200,6 миң сом, 2024-жылга профициттин планы - 13404029,4 миң сом, 2025-жылга профициттин планы - 23515845,2 миң сом суммасында;
- тартыштыкты жабуунун ички булактары боюнча оң сальдо 2283498,9 миң сом суммасында, тышкы булактар боюнча оң сальдо 18979701,7 миң сом суммасында;
- 2023-жылга шаарлардын жана айылдык аймактардын жергиликтүү бюджеттери үчүн жалпы мамлекеттик салыктардан түшүүчү каражаттардан чегерүүлөрдүн ченемдери "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 10-беренесине ылайык белгиленди;
- 2023-жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин резервдик фондунун чоңдугу - республикалык бюджеттин бекитилген чыгымдарынын 0,02 пайызынан ашпайт.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин жана депутаттарынын ушул токтомдун тиркемесинде (1 жана 2-тиркемелер) баяндалган сунуштарын аткаруу боюнча чараларды көрсүн жана алар боюнча маалыматты 2023-жылдын 1-майына карата берсин;
2023-жылга "капиталдык салымдар" беренеси боюнча объекттерди каржылоо жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетине квартал сайын берсин;
төмөнкүдөй маселелерди карасын:
- тамак-аштын ченемдерин кайра кароо аркылуу Кара-Суу жана Ноокат райондорунда интернат тибиндеги адистешкен балдар бакчаларынын тарбиялануучуларынын тамак-ашына сумманы көбөйтүү;
- китепканаларды күтүүнү жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке которуу;
- Нарын шаарында балдар бакчаларынын тамак-ашына, эмгек акысына, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүнө чыгымдарды республикалык бюджетке өткөрүп берүү жана маданият кызматкерлеринин эмгек акысына жана алардын коммуналдык чыгымдарына 54,0 млн. сом суммасындагы кошумча төлөмдөр;
- сатуудан алынуучу салыктын суммаларынын 50%ын жергиликтүү бюджеттерге чегерүү;
- 2023-жылга стимулдаштыруучу гранттар үчүн каралган каражаттардын көлөмүн 800,0 млн. сомдон 1200,0 млн. сомго чейин жана бир долбоорго каралган каражаттардын көлөмүн - 5,0 млн. сомго чейин көбөйтүү;
- 1000,0 млн. сом көлөмүндөгү кошумча каражаттарды бөлүү менен муниципалитеттердин ортосундагы өз ара кызматташтыкты бекемдөөчү демилгелерди колдоо максатында "Максаттуу трансферттер" беренесин мыйзам долбооруна киргизүү;
- бардык жергиликтүү кеңештердин төрагаларынын эмгек акысын төлөө;
- жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдүн өлчөмүн көбөйтүү;
- инфратүзүмдү өнүктүрүүгө Бишкек шаарынын бюджетине 2000,0 млн. сомду бөлүү;
төмөнкүдөй каражаттарды карасын:
- Бишкек шаарынын муниципалдык бюджетинен каржылануучу билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысы үчүн:
2023-жылы эмгек акы фондунан 50% өлчөмүндө;
2024-жылы - 75% өлчөмүндө;
2025-жылы - 100% өлчөмүндө;
- окуу китептерин басып чыгарууга бөлүнүүчү каражаттардын эсебинен Брайль ариби менен терилген окуу китептерин басып чыгаруу үчүн 3,0 млн. сом суммасында;
- З.Гареев атындагы Ботаникалык бакчанын сугат системасына 115.0 млн. сом суммасында;
- сурдокотормочулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө үчүн 5,0 млн. сом суммасында;
- Көк-бөрү боюнча оюндарды республикалык деңгээлде өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине 10,0 млн. сом суммасында;
- Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайын куруу үчүн;
- Бакен Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаштар жана жеткинчектер театрын баштан-аяк оңдоого;
- маданият жана көркөм өнөр кызматкерлери үчүн турак үйдү курууну бүткөрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Жаштар саясаты концепциясынын иш-чаралар планын ишке ашырууга 8,0 млн. сом суммасында;
- тарыхый инсан - Ормон хан жөнүндө фильмди түзүүгө;
төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана киргизсин:
- мүлккө салыкты төлөгөн транспорт каражаттарынын ээлерине жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптар боюнча жеңилдиктерди берүүнү караган өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун;
- газ мотордук отунга акциз салыгын киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун;
- жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүүгө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыгуусунун механизмдерин (жергиликтүү бюджеттер үчүн кошумча каражаттар же жетекчилер үчүн сый акы ж.б.).
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү жана жыйналышта айтылган сунуштарды эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Н.Т.Шакиев |