Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2022-жылдын 7-декабры № 693-VII
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Мекенчил" депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевич Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Социалдык саясат боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. "Мекенчил" депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
3. "Ишеним" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Джусупов Эмилбек Рамидинович Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Социалдык саясат боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
4. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
1-пунктчасынын он төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
4-пунктчада:
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Джусупов Эмилбек Рамидинович - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;";
- төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевич - № 12 Өзгөн бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, "Мекенчил" депутаттык тобунан;";
5-пунктчасынын онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
6-пунктчада:
- экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын:
- төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
"Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич - № 14 Жалал-Абад бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, "Мекенчил" депутаттык тобунан;".
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.Азыгалиев |