Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 8-декабры № 711-VII
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы киргизген (2022-жылдын 20-майындагы чыг. № 18-16832) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- пенсия каражаттарын натыйжалуу башкарууну камсыз кылсын;
- бюджетти өз убагында жана натыйжалуу аткаруу максатында, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун алдында дебитордук карыздардын түзүлүшүнө жол бербөө боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- эмгек акы, сыйлыктар, үстөктөр жана ар жылдык негизги жана кошумча акы төлөнүүчү өргүүлөр боюнча чыгымдарды жүргүзүүдө мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу, үнөмдүү жана негиздүү пайдалануу;
- товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда конкурстук жол-жоболорду өткөрүү, сатып алуу усулдарын туура колдонуу бөлүгүндө "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам ченемдеринин сакталышын жана аткарылышын талаптагыдай контролдоо.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Дж.Исаева |