Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2022-жылдын 29-декабры № 826-VII
Валюта рыногундагы кырдаал жана банктык кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо жөнүндө
Валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу жана банктык кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте:
-накталай эркин конвертирленүүчү чет өлкөлүк валютаны чек арадан ташып чыгарууга убактылуу чектөө киргизүү мүмкүнчүлүгүн карасын;
-Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү менен соода өз ара мамилелери боюнча эсептерди улуттук валютага которуу процессин тездетсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
-акча которуулар, чет өлкө валютасын алмаштыруу боюнча коммерциялык банктар тарабынан көрсөтүлүүчү банктык кызматтарды көрсөтүү жана аларды берүү шарттарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүсүн камсыз кылуу боюнча, анын ичинде мамлекеттин катышуу үлүшү бар коммерциялык банктарды («Айыл Банк» ААК, «РСК Банк» ААК) кошуп алганда, коммерциялык банктарды текшерүү жолу менен зарыл чараларды көрсүн;
-коммерциялык банктарда жана алмаштыруу пункттарында маалымат тактасында белгиленген курс боюнча чет өлкөлүк валютаны сатып алууну/сатууну контролдоону күчөтүү боюнча чараларды көрсүн;
-коммерциялык банктардын кардарларынын банктык кызмат көрсөтүү шарттарын бузуу менен байланышкан даттанууларын жана кайрылууларын өз убагында кароону камсыз кылсын жана бузуулар табылган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларын көрсүн;
-коммерциялык банктарды улуттук валютадагы накталай акча каражаты менен зарыл болгон көлөмдө камсыз кылсын.
Көрүлгөн чаралар тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2023-жылдын 15-февралына маалымдасын.
3. Мамлекеттин катышуу үлүшү бар коммерциялык банктарга («Айыл Банк» ААК, «РСК Банк» ААК) жана «Керемет Банк» ААКсына эсептерди жана төлөмдөрдү жүргүзүүдө акча которуулар жана аларды кассалык тейлөө боюнча комиссияларды төмөндөтүү сунушталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
Дж.К. Исаева |