Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-январы № 883-VII
“2021-жылдын 16-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аймактарында жамааттык коопсуздук системасынын күч түзүмдөрүн жана каражаттарын убактылуу жайгаштыруу менен байланышкан иштер боюнча юрисдикция жана укуктук жардам көрсөтүү маселелери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши т о к т о м к ы л а т:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 13-декабрындагы чыг. № 14-57773) “2021-жылдын 16-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аймактарында жамааттык коопсуздук системасынын күч түзүмдөрүн жана каражаттарын убактылуу жайгаштыруу менен байланышкан иштер боюнча юрисдикция жана укуктук жардам көрсөтүү маселелери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төраганын орун басары Дж.К. Исаева