Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 9-февралы № 9491-VII
Түркиядагы жер титирөөлөрдүн натыйжасында жабыр тарткандарга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Түркиядагы жер титирөөлөрдүн натыйжасында жабыр тарткандарга жардам берүү үчүн каражат чогултуу боюнча бирдиктүү депозиттик эсепке Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын эки күндүк маянасы которулсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Жогорку Кеңештин финансылык-чарбалык иштерин тескөөчү Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Төрагасынын орун басары |
| Дж.К. Исаева |