Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 1395-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 15-февралы № 972-VII
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59 жана 60-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2022-жылдын 14-декабрында кабыл алган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
1) М.А. Абдалиев – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин мүчөсү, макулдашуу тобунун тең төрагасы;
2) Н.О. Сыдыгалиев – мыйзам долбоорунун демилгечиси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
3) Э.Н. Джантаев – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, макулдашуу тобунун тең төрагасы.
2. Макулдашуу тобу 30 жумуш күндөн кечиктирбестен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөр таблицасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Н.А. Азыгалиев |