Редакцияот 15.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 15-февралы № 965-VII

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө”, “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши   т о к т о м   к ы л а т:

            1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 26-апрелиндеги чыг. № 18-2042) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө”, “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине киргизсин.

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                             Н.Т. Шакиев