Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-декабры № 772-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.К.Алимбековду Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алимбеков Нурбек Каарыевич Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлансын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 17-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Алимбеков Нурбек Каарыевич - № 8 Төлөйкан бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, "Мекенчил" депутаттык тобунан;".
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрагасынын орун басары | Н.А. Азыгалиев |