Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 15-февралы № 970-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин санариптештирүү долбоору боюнча Корея Республикасынын Эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттиги менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ортосундагы талкуунун протоколун жактыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иш процесстерин жана жол-жоболорун санариптештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин санариптештирүү долбоору боюнча Корея Республикасынын Эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттиги (мындан ары - KOICA) менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ортосундагы талкуунун протоколу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиевге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин санариптештирүү долбоору боюнча KOICA менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ортосундагы талкуунун протоколуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин санариптештирүү долбоорунан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Н.А. Азыгалиев |