Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 16-марты № 1039-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 148-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
2023-жылдын 22-мартынан тартып 31-мартын кошуп алгандагы мезгил Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөө убактысы деп эсептелсин.
Төрага |
Н.Т. Шакиев |