Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 16-марты № 1035-VII
“Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын бириктирилген Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 18-ноябрындагы чыг. № 18-49590) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А. Маматалиев, Д.Э. Толонов, Д.А. Джумабеков, М.М. Мураталиев, Г.С. Молдобекова демилгелеген “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын бириктирилген Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 27-майындагы чыг. № 18-11392) «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу декларациялоо жана мунапыс берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү бөлүгүндө бириктирилсин.
Төрага | Н.Т. Шакиев |