Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 26-январы № 897-VII
"Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 14-октябрындагы чыг. № 19-5499) "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | Н.А.Азыгалиев |